Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Гаага тобунун Колумбияда 15-16-июлдагы жыйынынан кийин жарыялаган Биргелешкен декларацияны Түркия колдобойт деген айыптоолорду кескин түрдө четке какты. Министрлик бул айыптоолорду "негизсиз" жана жалган маалымат таратуу кампаниясынын бир бөлүгү катары мүнөздөдү.
Ишемби күнү жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө эл аралык жыйындарда жарыяланган биргелешкен билдирүүлөргө кошулуунун белгилүү бир процедура жана графиктен кийин жасалганы баса белгиленди.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : “Мындай темаларда тажрыйба жана билими бар ар бир адам билгендей эле эл аралык жыйындарда кабыл алынган чечимдерге жана биргелешкен билдирүүлөргө катышуу жагдайы көпчүлүк учурда белгилүү бир мөөнөттөн кийин ишке ашат. Боготадагы жыйындан кийин даярдалган Биргелешкен декларацияга өлкөлөр 2025 - жылдын 20 - сентябрына чейин катыша алышат. Учурда 30 катышуучу өлкөнүн 12си гана колдоосун билдирилген.
Жыйындын соңунда жарыяланган Биргелешкен декларацияга киргизилген айрым маселелер өлкөбүздүн эл аралык укуктук милдеттенмелерине ылайык институттар аралык координациялоону талап кылат. Бул контекстте бардык тиешелүү мекеме-уюмдар биргелешкен декларацияга кошулаардан мурда керектүү даярдыктарды бүтүрүүлөрү керек.
Негизинен Биргелешкен декларацияда айтылган чаралардын дээрлик бардыгы өлкөбүз тарабынан ишке ашырылып жатат. Түркия буга чейин болгондой эле Палестинанын укуктарын коргогон бардык демилгелерди күчтүү түрдө колдоону улантат. Түркиянын Газа саясатынын толук эмес маалыматка таянган, жаман ниеттүү аң - сезим менен каралбашын сунуш кылабыз”.