6 Май 2025
Француз Президенттигинен AFP агенттигине берилген маалыматка караганда, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Сириянын президенти Ахмед Аль Шараны кабыл алат. Бул Сирия лидеринин Европага алгачкы сапары болуп саналат.
Президенттиктин шейшемби күнкү билдирүүсүндө Макрондун, "Франциянын эркин, туруктуу, эгемендүү жана Сирия коомчулугунун бардык катмарларын сыйлаган жаңы Сириянын курулушун колдой турганын" кайталай турганы айтылды.