Вьетнамдын Ха Лонг булуңунда ишемби күнү 53 адамды ташып бара жаткан туристтик кеме оодарылып каза болгондордун саны 34кө жетти.
Жергиликтүү VN Express маалымат каражаты Куанг Нинь провинциясынын бийликтерине таянып билдиргендей, Wonder Sea аттуу туристтик кеме ишемби күнү түштөн кийин Дау Го үңкүрүнүн жанында катуу шамал жана нөшөр жаандан улам оодарылып кеткен.
Жетекчилердин айтымында, азырынча 12 адам куткарылып, 34 адамдын сөөгү суудан чыгарылган. Калган жүргүнчүлөрдү жана экипаж мүчөлөрүн издөө иштери уланууда.
Маалыматка ылайык, кемеде 48 турист жана 5 экипаж мүчөсү, анын ичинде балалуу үй-бүлөлөр да бар.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө
Окуя болгон жерге полиция жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен куткаруу топтору ылдам түрдө жөнөтүлдү. Бирок начарлаган аба ырайы жана көрүү мүмкүнчүлүгү аз болгондуктан дайынсыз жоголгондорду издөө иштери ишембиге караган түнү токтотулду.
Ха Лонг булуңу өзүнүн акиташ аскалары жана жаратылышынын кооздугу менен белгилүү, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген жана Вьетнамдын эң популярдуу туристтик жерлеринин бири.
Бийликтер кырсыктын себептери менен операторунун коопсуздук протоколдорун текшерүү үчүн иликтөө иштерин баштады.