САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Кремль: Трамптын катуу саясаты АКШ-Орусия диалогунун бүтүшүн билдирбейт
Кремлдин басма сөз катчысы Песков, АКШ менен мамилени жакшыртуу үчүн дагы эле көптөгөн "тынчсыздандыруучу элементтер" жана чечилиши керек болгон маселелер бар экенин айтты.
Кремль: Трамптын катуу саясаты АКШ-Орусия диалогунун бүтүшүн билдирбейт
Kremlin says Trump sanctions threat on Ukraine has not killed off US-Russia talks / Reuters
18 Июль 2025

Кремль АКШнын президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата катуураак позицияны кармануусу АКШ менен Орусиянын мамилелерин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташын билдирбегенин айтты.

Дүйшөмбү күнү жаңы позициясын жарыялаган Трамп Москвага Украинада ок атышпоо келишимине жетишүү үчүн 50 күндүк мөөнөт берди жана андай болбосо санкцияларга кабыларын эскертти. Трамптын ошондой эле Киевге көбүрөөк ракета берем деген убадасын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бейшемби күнү кескин сынга алды.

Трамптын билдирүүлөрү Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдүн аяктаганын билдиреби деген суроого Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: “Биз бул андайды билдирбейт деп ойлойбуз. Албетте булар ар башка маселелер. Бир маселе Украинадагы (тынчтыкты) жөнгө салуу маселеси. Экинчи маселе болсо биздин эки тараптуу мамилелерибиз” деп жооп берди.

Москва менен Вашингтондун диалогу Трамп январь айында кызматка киришкенден кийин жакшырган. Бирок Трамп Кремлдин лидери Владимир Путиндин потенциалдуу ок атышпоо үчүн сунуш кылган шарттарынан улам барган сайын нааразы болууда.

Орусия менен Украина быйыл Түркияда эки жолу тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, туткундарды жана аскерлердин сөөктөрүн алмашуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Бирок сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өтө турган күн белгилене элек жана согушуп жаткан тараптар кандайдыр бир ок атышпоо же акыркы тынчтык келишиминин шарттарын макулдашуудан азырынча алыс.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us