Сириянын Ички иштер министрлигинин катчысы Нуреддин ал-Баба жума күнү Сириянын мамлекеттик маалымат агенттигине берген маалыматында өкмөт күчтөрүнүн Сувейда провинциясына жайгаштырылып жатканы тууралуу кабарларды четке какты.
Шаршемби күнү жарыяланган ок атышпоо келишими Сувейда провинциясындагы бир нече күндүк кагылышууларды убактылуу токтотту.
Келишим жарыялангандан кийин Сириялык аскерлер Сувейдадан чыгышты бирок бейшемби күнү кечинде бедуин уруулары менен друз топторунун ортосунда кайрадан кагылышуулар башталды.
Израиль өзгөчө Сүвейда аймагында түнү менен кол салууга өттү.
Бул жаңы чабуулдар Сириянын Ички иштер министрлигинин шаарда ок атышпоо боюнча жаңы келишимди ырастагандан бир күн өткөндөн кийин болду. Келишим түштүк облусун борбордук өкмөттүн карамагында толук реинтеграциялоону камтууда.
Израилдин чабуулдарына байланыштуу тынчсыздануу
Ошол эле учурда АКШ бейшемби күнү берген маалыматында өнөктөшү Израилдин Сириядагы чабуулдарына каршы экендгин билдирди. Бул билдирүү Вашингтон менен Анкаранын зомбулукту токтотуу боюнча келишим түзгөндөн бир күндөн кийин жасалды.
Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Тэмми Брюс журналисттерге: "АКШ Израилдин акыркы чабуулдарын колдогон жок," ,-деди.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио Израилдин чабуулдары тууралуу суралган суроого тынчсыздануусун билдирди. Бул чабуулдардын арасында Дамасктагы Коргоо министрлигине жасалган чабуул да бар.
Израиль Башар Асаддын режими кулагандан бери друз коомчулугунун атынан кийлигишүү шылтоосу менен Сирияны бир нече жолу бомбалады.
Сириядагы көрүнүктүү друз лидерлери Израилдин дооматтарын тынымсыз четке кагып, чет элдик кийлигишүүнү айыптаган, бөлүнүү жана сепаратизмди четке кагып, бирдиктүү Сирияга берилгендиктерин ырастаган биргелешкен билдирүү жарыялашты.
АКШнын президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндөн кийин Түркия жана Сауд Арабия менен бирге Сириянын жаңы лидери Ахмед аш-Шараа менен жакшы мамиле курууга умтулууда.