ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Евробиримдик "Түндүк агым" куурлары аркылуу ишке ашырылган импортко бөгөт коёт
Эстониянын премьер-министри Кая Каллас жаңы санкциялар пакети Орусиянын "көмүскө флотуна" таандык дагы 105 кемени бутага алганын жана орус банктарынын эл аралык каржылоо механизмдерине кирүү мүмкүнчүлүгүн чектей турганын билдирди.
Евробиримдик "Түндүк агым" куурлары аркылуу ишке ашырылган импортко бөгөт коёт
Sanctions package also targets 105 more vessels associated with Russia’s so-called shadow fleet. / AA
18 Июль 2025

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга каршы бүгүнкү күнгө чейинки "эң күчтүү" санкциялардын бири болгон жаңы пакетти бекитти. Пакет "Түндүк агым" куурлары аркылуу импорттоого тыюу салуу жана мунай экспортуна катуу чектөөлөрдү камтууда. Бул тууралуу жума күнү Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү билдирди.

Эстониянын премьер-министри Кая Каллас X платформасында "Чечкиндүүлүгүбүздү улантуудабыз. Евробиримдик Орусияга каршы эң күчтүү санкциялардын бирин бекитти" деди.

"'Түндүк агым' түтүктөрүнөн импортко тыюу салынат. Мунайга төмөнкү чектик баа киргизилет. Орусиянын аскердик өнөр жайына, санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген кытай банктарына жана учкучсуз аппараттарда колдонулган технологиялардын экспортуна кысымды күчөтүп жатабыз," деп кошумчалады.

Евробиримдиктин Орусиянын “көмүскө флотуна” тиешеси бар дагы 105 кемеге санкция киргизип, орус банктарынын эл аралык каржылоого кирүү мүмкүнчүлүгүн чектей турганына көңүл бурган Каллас, Москвага киргизилген санкциялардын негизги себеби катары Орусия-Украина согушун көрсөттү жана “Кремлдин согуш бюджетин азайтып жатабыз”,-деди.

Каллас Евробиримдик биринчи жолу чет элдик желектүү реестрди бутага алганын жана Орусиянын “Роснефть” компаниясынын Индиядагы эң ири мунай иштетүүчү заводунун да санкциялар тизмесине киргизилгенин жарыялады.

«Биздин санкцияларыбыз украиналык балдарга идеологиялык жактан таасир эткендерди да камтыйт», - деген Каллас, «Чыгымдарды көтөрүүнү улантабыз, ушундайча Москва үчүн агрессияны токтотуу жалгыз вариант болуп калат »,-деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us