ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Палестиналык жетекчилер: Израиль согуштун башталышынан бери Газанын 88 пайызын жок кылды
Израилдин Газа тилкесине 125000 тонна жарылгыч зат таштаганы, аймактагы материалдык жоготуунун миллиард доллардан ашканы билдирилди.
Палестиналык жетекчилер:  Израиль согуштун башталышынан бери Газанын 88 пайызын  жок кылды
/ AP
19 Июль 2025

Газа өкмөтүнүн басма сөз кеңсеси тарабынан жарыяланган статистикалык отчетко караганда, Израиль 2023-жылдын 7-октябрында башталган согуштан бери Газанын жалпы аянтынын 88 пайыздан ашыгын талкалап, миллион палестиналык жер которду.

Согуштун 650-күнүндө жарыяланган отчетто Израилдин Газага 125 миң тонна жардыруучу зат таштаганы жана 62 миллиард доллардан ашык зыян келтиргендиги билдирилди.

Бул ырайымсыз согуш «2 миллион карапайым калктын аргасыз эвакуацияланышына» жана Газа тилкесинин 360 чарчы километринин 77 пайызынын оккупацияланышына алып келди.

Отчетто каза болгон же дайынсыз жоголгон палестиналыктардын жалпы санынын 67 миң 880 экендиги билдирилди. Булардын 19 миңден ашыгы балдар жана 12 миң 500 аялдар, 8150 эне жана 953 ымыркай.

Ошондой эле кол салуулардын натыйжасында 2 миллион жарандын күч менен жер которгондугу, Израилдин Газа тилкесинин 360 километр квадраттык аянтынын 77 пайызын ээлеп алганы белгиленди.

Отчетко караганда согушта каза болгон же дайынсыз жоголгон палестиналыктардын саны 67 880ге жетти. Булардын арасында 19 миңден ашуун бала, 12500ү аялдар. Каза болгон аялдардын 8150ү эне, 953ү ымыркай.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканаларга келген сөөктөрдү гана санаган башка ыкманы колдонуп, каза болгондордун расмий санын 58,667 деп жарыялады. Жетекчилердин айтымында, эки цифранын ортосундагы айырмачылык Медиа кеңсенин урандылардын астында калган дайынсыз жоголгон жана дайыны табыла элек адамдарды кошкондугуна байланыштуу.

Отчетто болжол менен 9500 палестиналыктын урандылардын астында калганы жана алардын тагдыры белгисиз экендиги белгиленди.

Медиа кеңсесинин маалыматы боюнча, израилдик күчтөр 1590 медицина кызматкерин, 228 журналистти жана 777 гуманитардык жардам кызматкерин өлтүрүшкөн. Ошондой эле 2613 палестиналык үй-бүлөнүн жарандык каттоодон толугу менен өчүрүлгөнү кабарланды. Кеминде 68 бала жетишсиз тамактануудан. 17 бала катуу сууктан улам лагерлерде каза болгон.

Согуш 139 000 кишинин жараат алышына, булардын 4700дөн ашыгы ампутация менен жыйынтыкталды.. Отчетто 44 миң 500 бала жок дегенде бир ата-энесинен ажырап, 2 миллиондон ашуун адам жер которгон аймактарда жугуштуу оорулардан, анын ичинде 71 миңи гепатиттен жабыркаганы белгиленген.

Медиа кеңсеси израилдик күчтөрдү көрүстөндөрдөн 2420 адамдын сөөгүн уурдап, ооруканалардын ичинде жети массалык мүрзө казуу менен айыптады. Ошондой эле Газадан 6 миң 633 жарандын камакка алынганын, булардын арасында 362 медицина кызматкери, 48 журналист жана 26 жарандык коргонуу кызматкеринин бар экендиги белгиленди.

Израиль 38 оорукананы жана 96 баштапкы саламаттыкты сактоо борборун талкалап, 144 тез жардам унаасын бутага алып, 156 мектепти толугу менен, 382 мектепти жарым-жартылай зыянга учурады.

Отчетко караганда 833 мечит, үч чиркөө жана 40 көрүстөн да бутага алынган. 223 000 турак жай кыйрап, 130 000нин жашоого жараксыз абалга келиши менен жалпы 288 000 үй - бүлө үй жайсыз калды. Медиа кеңсеси 261 баш калкалоочу борборго да сокку урулганын билдирди.

Систематикалык ачкачылык

Отчетто Израиль күчтөрүнүн жардам бөлүштүрүүчү пункттарга кол салуусу менен 877 жаран каза болуп, 5666 киши жараланды. Ошондой эле Израилдин 139 күн бою он миңдеген жардам ташыган унаалардын кирүүсүнө бөгөт койгону белгиленди.

Газанын айыл чарба сектору аймактагы айдоо аянттарынын 92 пайызынын жок кылынышынан улам 2,2 миллиард долларлык жоготууга учурады. Ошол эле учурда, суу, электр энергиясы, канализация жана археологиялык объектилер сыяктуу негизги инфраструктура да талкаланган.

Ок атышпоо боюнча эл аралык чакырыктарды четке каккан Израиль армиясы 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага каршы ырайымсыз чабуулун улантып, көбү аялдар жана балдардан турган 59 миңдей палестиналыкты өлтүрдү. Тынымсыз бомбалоо аймакты кыйратып, тамак-аштын жетишсиздигине жана оорулардын жайылышына жол ачты.

Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер берген. Израиль өзгөчө Газага каршы согушу үчүн Эл аралык Сотто геноцид иши менен бетме-бет келип турат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us