АКШ Индия башкарган Кашмирде апрель айында болгон кол салуу үчүн айыпталган жашыруун топту “террорчу” деп жарыялады. Бул кол салуу Индия менен Пакистандын ортосундагы ондогон жылдардагы эң чоң жаңжалга себеп болгон.
Мамлекеттик катчы Марко Рубио The Resistance Front (TRF) тобун, БУУ тарабынан “террорчу” деп жарыяланган Лашкар-е-Тайбанын (LeT) “алдыңкы жана ортомчу” уюму деп мүнөздөдү.
Рубио билдирүүсүндө, бул "террорчу" жарыясынын Трамп администрациясынын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо, терроризмге каршы күрөшүү жана Пахалгамдагы кол салуу үчүн адилеттүүлүктү камсыз кылуу чечкиндүүлүгүн көрсөткөнүн айтты.
Пахалгамда апрель айында куралчан адамдар Индия башкарган Кашмирдин туристтик борборунда дээрлик бардыгы индустар болгон 26 адамды атып өлтүрүшкөн.
Күчтүү ырастоо
Индиянын тышкы иштер министри Субраманям Жайшанкар X платформасында Вашингтондун бул кадамын “Индия менен АКШнын терроризмге каршы кызматташтыгынын күчтүү далили” деп мүнөздөдү.
Пахалгамдагы чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган TRF жөнүндө мурда өтө аз маалымат болгон.
Бирок коомчулуктун сын-пикирлери күчөгөндөн кийин топ бул дооматты четке каккан.
Пахалгамдагы зомбулук эки коңшу өлкөнүн ортосунда төрт күндүк кагылышууларды тутантып, эки тараптан 70тен ашуун адамдын өмүрүн алган. Бул 1999-жылдан берки эң чоң кагылышуу болуп саналат.
Кагылышуу учурунда Пакистан Индиянын бир нече учагын, анын ичинде Рафале истребителдерин атып түшүргөн.
Кашмир маселеси
Индиянын көзөмөлүндөгү Кашмир чөлкөмүндөгү козголоңчулар 1989-жылдан бери Дели өкмөтүнө каршы күрөшүп келет. Көптөгөн мусулман кашмирликтер аймактын Пакистандын бийлигине кошулуу же көз карандысыз мамлекет катары биригүү аракетин колдошот.
Индия Кашмир козголоңун “Пакистан каржылаган терроризм” деп мүнөздөйт. Бул айыпты четке каккан Пакистан жана көптөгөн кашмирликтер күрөштү мыйзамдуу эркиндик согушу деп эсептейт. Кагылышууларда он миңдеген жайкын тургундар, козголоңчулар жана өкмөттүк аскерлер курман болду.
Пакистан болсо Кашмир элинин БУУнун көзөмөлүндө референдум өткөрүү талабын “саясий, моралдык жана дипломатиялык жактан гана колдой турганын” билдирди.