Жергиликтүү медианын полиция булактарынан алган маалыматына караганда Индиянын жетекчилери Пакистан үчүн тыңчылык кылды деген негиз менен бир нече кишини камакка алды. Бул абал Индия менен Пакистандын ортосунда болгон акыркы жылдардын эң олуттуу кагылышуусунан кийин болду.
NDTVнын дүйшөмбү күнү билдирген маалыматына караганда жетекчилер Харьяна, Пенджаб жана Уттар-Прадеш штаттарында тогуз кишинин тыңчылык кылган деген айып менен камакка алынганын жарыялады. Пенджаб полициясынын башкы директору Гаурав Ядав командасынын аскердик жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен айыпталган эки кишини дагы камакка алганын билдирди.
Полиция бул эки кишинин 6 - 7 - май күндөрү түнү Пакистан жерлерине жасалган кол салуулар менен байланыштуу маалыматтарды бөлүшкөндүгү тууралуу ишенимдүү маалымат алгандарын айтты. Алгачкы териштирүүлөргө караганда бул кишилердин Пакистандын чалгындоо кызматы менен түздөн - түз байланышта экендиги жана Индиянын куралдуу күчтөрүнө байланыштуу орчундуу маалыматтарды бөлүшкөндүгү аныкталды.
Пакистан тыңчылык айыптоолору тууралуу азырынча жооп бере элек
Индия бийликтери айыптоолор боюнча кеңири маалымат берген жок. Харьяна штатынын полиция кызматкери Hindustan Times гезитине билдиргендей, камакка алуулар негизинен социалдык тармактардагы активдүүлүктөн улам болгон.
"Бул дагы согуштун бир түрү. Алар (Пакистан) социалдык тармактарга таасир этүүчү адамдарды жалдап, өздөрүнүн баянын жайылтууга аракет кылып жатышат", - деди Хисар районундагы полиция кызматкери Кумар Саван.
Индиянын көзөмөлүндөгү Кашмирде 22-апрелде болгон кол салуудан кийин башталган кагылышууларда кеминде 60 киши набыт болду. Дели чабуул үчүн Пакистанды айыптаса, Исламабад айыптоолорду толугу менен четке какты.
Саякатчы блогер кармалды
Харьянда бир саякат блогери да ушундай эле айыптар менен өткөн аптада камакка алынды. Жергиликтүү медианын кабарына караганда полиция аялдын кеминде эки жолу Пакистанга саякатка келгендигин жана өлкөнүн элчилигинен бир жооптуу менен байланышкандыгын белгиледи.
Башка кармалган кишилердин арасында бир студент, бир коопсуздук кызматкери жана бир ишкердин да бар экендиги маалымдалды.
India Today телеканалы 11 кишинин ушундай эле жол менен камакка алынганын билдирди. Кабарда сөз болгон кишилердин "социалдык медиа, каржылык колдоолор, жалган убадалар, жазышуу колдонмолору жана Пакистанга жеке сапарлары аркылуу тыңчылык тармагына азгырылган" деп айтылат.
Бул камоолор өзөктүк куралга ээ эки атаандаштын арасында 1999 - жылдан бери болуп келген эң олуттуу кагылышуудан кийин ишке ашты. Төрт күнгө созулган ракета, дрон жана артиллериялык кол салуулар масштабдуу согушка айлануу тынчсызданууларын күчөтүп, тараптар акырында ок атышпоо боюнча макулдашты.
Кашмир маселеси
Индия менен Пакистан 1947-жылы Британиядан көз карандысыздыгын алгандан бери мурдагы княздык болгон Кашмир үчүн бир нече жолу согушкан. Эки өлкөнү бөлүп турган чек ара үй-бүлөлөрдү бири биринен ажыратып келген.
1989-жылдан бери Индия башкарган аймакта козголоңчулар көз карандысыздык же Пакистан менен биригүү талабы менен нааразычылык акцияларын өткөрүп келет. Жаңы Дели мусулмандардын басымдуу бөлүгүн Индия башкарган Кашмирге 500 миңге жакын аскерин жайгаштырып, ал жердеги куралдуу козголоңду "Пакистан колдогон терроризм" деп мүнөздөдү. Пакистан болсо бул айыптоолорду четке кагууда.
Акыркы жумаларда Моди өкмөтү мусулман уюмдарына, мектептерине карата рейддерди күчөтүүсүнүн натыйжасында жалпы аймакта баш аламандыктарды жаратты.
Индия ошол эле учурда талаштуу аймактагы кашмирлик эмес 82,000 кишиге жашоо тууралуу уруксат бериши демографиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу тынчсызданууну жаратты.
Пахалгамдагы кол салуусунан кийин Индия башкарган Кашмирде 1500дөн ашуун адам камакка алынып, Индиянын ар кайсы шаарларында индус оңчул топтору кашмирлик мусулмандарга, негизинен студенттерге кол салганы тууралуу кабарлар ортого чыкты.