АКШнын президенти Дональд Трамп апрель айында Индиянын көзөмөлүндөгү Кашмирде 26 адамдын өмүрүн алган кол салуудан кийин Индия-Пакистан ортосундагы тирешүүдө беш аскерий учак атып түшүрүлгөнүн айтты.
Жума күнү Ак Үйдө Республикачыл мыйзам чыгаруучулар менен кечки тамакта сөз сүйлөгөн Трамп: "Чындыгында, учактар асмандан атып түшүрүлүп жаткан. Төрт же беш, бирок менимче, беш учак атып түшүрүлдү," - депди.
Ядролук куралдарга ээ эки коңшу өлкөнүн ортосундагы кагылышуу Индиянын кол салуудан Пакистан борбору болгон согушкерлерди жооптуу деп табуусу менен күч алды. Пакистан бул айыптоону четке какты.
Бул окуядан кийин, 7-майда Индиянын учактары чек аранын аркы тарабындагы "террордук инфраструктураны" бомбалаган. Бул чабуул аба кагылышууларын, дрон чабуулдарын, ракета жана артиллериялык атышууларды күчөттү.
Пакистан Индиянын беш учагын атып түшүргөнүн бир нече жолу ырастады. Индия болсо учагынын жоголгонун расмий тастыктай элек. Бирок, июнь айында Bloomberg кабарчысынын "Индиянын алты учагы атып түшүрүлгөнбү?" деген суроосуна Индиянын башкы штабынын башчысы Анил Чаухан :"Эң негизгиси, алардын эмне үчүн кулап түшкөнү",- деп жооп берип, санды тактабастан жоготуулар тууралуу маалымат берген жок.
Индия да Пакистандын учактарын атып түшүргөнүн ырастады. Исламабад учактын жоготууларын четке какканы менен, кээ бир авиабазалар жабыркаганын моюнга алды.
Тараптар 10-майда ок атышууну токтотту
Трамп бул ок атышпоону камсыз кылууда АКШнын кысымы маанилүү болгонун жана кагылышуунун күчөшүнө бөгөт койгонун жактап жатат. Бирок Индия муну четке кагып, ок атышпоонун Нью-Дели менен Исламабаддын ортосундагы түздөн-түз байланыштар аркылуу жетишилгенин, ага эч кандай үчүнчү тараптын кошулбаганын айтууда.