Кылмыш жасаган 81 ооган жаранынын өз мекенине кайтарылганын немис жетекчилери жума күнү жарыялашты.
Ички иштер министри Александр Добриндт, депортациялангандардын кылмыш жасаган жана Германияда калууга мыйзамдуу укугу жок эркектер экенин билдирди.
Консервативдик саясатчы, азыр коалициялык келишимде көрсөтүлгөн саясатты өзгөртүүнүн дагы бир өңүтүн ишке ашырып жатышканын айтып, Ооганстанга мындай депортацияларды улантууну пландагандарын кошумчалады жана “Оор кылмышкерлердин биздин өлкөдө жашоого укугу жок” деди.
Ички иштер министрлигинин айтымында, Катар депортациялангандарды мекенине кайтарууда көмөкчү роль ойноду, анткени Берлинде талибдер жетектеген убактылуу ооган өкмөтү менен расмий дипломатиялык алака жок.
Май айында ишке киришкен Германиянын консерваторлор жетектеген жаңы коалициялык өкмөтү мыйзамсыз миграцияны азайтуу үчүн иммиграция саясатын олуттуу реформалоону убада кылган.
Өкмөттүн планы, өзгөчө башпаанек издегендер жана зордук-зомбулукка катышкандар үчүн депортациялоо процедураларын тездетүү, ошондой эле Евробиримдиктин ички чек араларында көзөмөл жүргүзүүнү камтыйт.