ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Моди: Индия–Пакистан жарашуусуна АКШнын ортомчулугу эмес аскердик диалогдун салымы чоң болду
Моди Пакистан менен сүйлөшүүлөрдө үчүнчү тарапты каалабай турганын билдирди.
Моди: Индия–Пакистан жарашуусуна АКШнын ортомчулугу  эмес аскердик диалогдун салымы чоң болду
/ Reuters
18 Июнь 2025

Индиянын жогорку мартабалуу дипломаты Индиянын премьер - министри Нарендра Модинин шейшемби күнү кечки сааттарда АКШнын президенти Дональд Трамп менен өткөргөн сүйлөшүүдө май айында төрт күнгө созулган кагылышуудан кийи. Индия менен Пакистандын арасында түзүлгөн ок атышпоонун АКШнын ортомчулугу менен эмес эк армиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр менен түзүлгөнүн жактаганын айтты.

Трамп өткөн айда жасаган билдирүүсүндө өзөктүк куралдарга ээ Түштүк Азиядагы коңшуларынын АКШнын ортомчулугунда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышпоону кабыл алгандарын жана өлкөлөрдү согуштун ордуна соодага көңүл бурууга чакыргандан кийин кагылышуулардын токтогонун айткан.

Индиянын тышкы иштер министри Викрам Мысри өткөргөн пресс - жыйынында : “Премьер - министр Моди президент Трампкп бул убакыттын ичинде Индия - АКШ соода келишими же АКШнын Индия жана Пакистандын ортосунда ортомчулук кылуу сыяктуу темаларда эч кандай сөз болбогонун айтты”,- деди.

"Аскердик аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр түздөн-түз Индия менен Пакистандын ортосунда аскердик каналдар аркылуу жана Пакистандын талабы боюнча өттү. Премьер-министр Моди Индиянын мурда ортомчулукту кабыл албаганын жана эч качан кабыл албай турганын баса белгиледи", - деп кошумчалады.

Мысринин айтымында, эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүүнү Трамптын демилгеси менен Канадада өткөн G7 саммитинин алкагында жүргүзүшкөн. Моди бул саммитке конок катары катышкан. Сүйлөшүү 35 мүнөткө созулган.

Ак үй Моди менен Трамптын сүйлөшүүсү боюнча комментарий берүүгө дароо жооп берген жок.

Пакистан буга чейин ок атышпоонун армиясынын 7 - майда Индия армиясы баштаган бир чакырууга жооп беришинен кийин ишке ашкандыгын айткан.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us