Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Кипр маселеси боюнча расмий сүйлөшүүлөр кипрлик түрктөрдүн эгемендик теңчилиги жана эл аралык статусу таанылмайынча кайра башталбай турганын билдирди.
Бейшемби күнү Нью-Йорктогу БУУнун баш кеңсесинде Кипр боюнча бейрасмий жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйынында Татар: «Акыркы төрт жыл ичинде биз жаңы саясатыбызды бекемдедик: эгерде биздин эгемендик теңчилигибиз жана эл аралык статусубуз кайрадан ырасталбаса, Кипр маселесин чечүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштабайбыз», – деди.
«Анткени биз бул укуктар. б.а. эгемендик теңчилик жана эл аралык статус – биздин табигый укуктарыбыз экенине бекем ишенебиз», – деп кошумчалады ал.
Татар жолугушууга «оң, конструктивдүү жана келечекке багытталган күн тартиби» менен келгенин белгилеп, бирок март айында Женевада өткөн мурунку бейрасмий жолугушуудан кийин аралдагы окуяларга «терең нааразычылыгын» билдирди.
«Кипрлик рум жетекчилигинин аракеттери кипрлик түрктөрдү басым астында тынчсызданууга жана коркунучка кабылууга мажбурлоодо», – деди ал.
Татар: «Көптөгөн кипрлик түрктөр Түштүк Кипрге өткөндө же чет өлкөгө саякаттаганда камакка алынып же кармалып калуудан коркуп жатышат», – деп белгиледи. Татар: «Кипрде акыркы алты жылдан бери эки мамлекет жана эки демократия бар, алар кипрлик түрктөрдүн жана кипрлик румдардын эркин чагылдырат», – деп кошумчалады.
Тарар: «Эгер жаңы жана расмий сүйлөшүү процесси боло турган болсо, анда ал жердеги реалдуулуктарга негизделип, эки тарапка тең бирдей, адилеттүү жана ар-намыстуу түрдө кайрылуусу керек»,-деди. Ал ошондой эле жолугушуудан кийин төрт өткөрүү пунктунун ачылышын жарыялоону максат кылышканына, бирок бул ишке ашпай калганына терең өкүнүчүн билдирди.
Татар: «Акыр-аягы, баары Рум тараптын буфердик зонадан аскердик максатта жана башка аймактык маселелерде өтүү талабына байланыштуу»,-деп, муну түрк тараптын кабыл ала албаган нерсеси экенин баса белгиледи.
Татар БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин бул темада жылыш болушу үчүн «колунан келгендин баарын жасап жатканын» белгилеп, Рум тараптын позициясынан улам бул «жөнөкөй маселеге» чечим табыла электигин айтты.
Анадолу агенттигинин миналардан тазалоодогу акыркы абалдарга байланыштуу суроосуна жооп берген Татар: «Максатыбыз толугу менен минадан арылган арал түзүү»,-деди.
Ал маселенин Рум тарабынын кээ бир аймактардын гана миналардан тазаланышын каалап, башкаларынын ошондой калышын талап кылуусунан келип чыкканын түшүндүрдү.
«Азыр биздин саясат бардык миналардан толугу менен тазаланышын камсыз кылуу», - деди ал.
Түрк лидери ошондой эле сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында кипрдик рум лидери менен дагы жолугаарын, жылдын соңунда дагы чоңураак, расмий эмес жолугушуу пландалып жатканын билдирди.

Ондогон жылдарга созулган Кипр маселеси
БУУнун ар тараптуу чечимди камсыз кылуу аракетине карабастан, Кипр кипрлик румдар менен кипрлик түрктөрдүн ортосунда ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан талаштын сазында калды.
1960-жылдардын башында башталган этникалык чабуулдар түрктөрдү коопсуздугу үчүн анклавдарга чегинүүгө аргасыз кылган.
1974-жылы аралды аннексиялоо максатын көздөгөн Грециянын төңкөрүш аракети Түркиянын түрктөрдү коргоо үчүн гарант мамлекет катары аскердик кийлигишүүсүнө алып келди.
Натыйжада, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) 1983-жылы түзүлгөн.
Акыркы жылдарда Түркия, Греция жана Улуу Британиянын кепилдиги астында 2017-жылы Швейцарияда ишке ашпай калган аракетти кошкондо тынчтык жараяны мезгил-мезгили менен кайра жанданды.
Кипрдин Рум башкаруучулугу Евробиримдикке 2004-жылы кошулган жана ошол эле жылы кипрлик румдар БУУнун узакка созулган түшүнүшпөстүктөрдү токтотуу планына бир тараптуу түрдө бөгөт коюшкан.