*** Ирандын президенти Месуд Пезешкиан өлкөсүнүн БУУнун атомдук көзөмөлдөө агенттиги менен келечектеги кызматташтыгы агенттиктин Ирандын атомдук программасына карата «кош стандарттарын» оңдоосуна байланыштуу экенин айтты.
*** Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) башкы прокурорунун орун басары Нажат Шамим Хандын айтымында, Судандын батышындагы согуш жүрүп жаткан Дарфур аймагында “согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштардын жасалганына байланыштуу негиздердин” бар экендигин айтты.
*** Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва АКШнын президенти Дональд Трамптын Бразилиянын продукцияларына 50 пайыздык импорттук салык киргизүү планын ишке ашыра турган болсо, жооп катары кайра тарифтерди киргизерин билдирди.
*** Трамп администрациясы федералдык мыйзамдын чөйрөсүн кеңейтип АКШда мыйзамдуу жашагандардын мамлекеттик жардам алуу мүмкүнчүлүгүн да чектеди.