logo
Жарчы | 8.07.2025
03:37
03:37
Дүйнө
Жарчы | 8.07.2025
Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен өткөргөн жолугушууда Израилдин палестиналыктарга жакшы бир келечек сунуштай ала турган өлкөлөрдү белгилөө үчүн АКШ менен бирдикте иштегенин айтты.

*** Израилдин курчоосу астындагы Газада жасаган бир нече кол салуусунда кеминде  58 киши каза болуп, көп сандаган киши да жаракат алды.

*** АКШнын президенти Дональд Трамп согуш кыйраткан Украинанын Россиянын чабуулдарына каршы өзүн коргоосуна жардам берүү үчүн АКШнын Украинага дагы көп курал жөнөтөрүн айтты.

*** АКШнын президенти Дональд Трамп Япония жана Түштүк Корея баш болгон 14 өлкөнүн продукцияларына жаңы бажы төлөмдөрүн киргизе турганын жарыялап, глобалдык соодада чыңалууну күчөткөн бул кадамдын Американын соода карым - катнаштарында тең салмактуулукту калыбына келтирүүнү максат кылганын билдирди.

 *** Техас штатындагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 100дөн ашты, ал эми куткаруу топтору сел суулары агызып кеткен кишилерди издөөнү улантууда.

Көбүрөөк ук
Жарчы |7.07.2025
Энергетика системасы кыйрай турган болсо
Үндү текшерүү
«Космос таштандылары» деген эмне?
"Старлинк" спутнигинин коркунучтары
Келечекти көрүү
Семирүү эпидемиясы
Атыңыз сиздин тагдырыңызды белгилейби?
Япониянын мега жер титирөө коркунучу
Өзөктүк энергиянын технологиядагы ролу
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us