*** Израилдин оппозиция лидери Яир Лапид Газадагы уланып жаткан согушту ийгиликсиздик деп мүнөздөп, "туңгуюкка кептелгенин" айтты жана премьер-министр Биньямин Нетаньяху өкмөтүн кыргынды токтотууга чакырды.
*** АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарынын Кытай менен соода келишимине кол койгонун жарыялады, бирок келишим тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.
*** Руанда менен Конго Демократиялык Республикасы (КДР) Конгонун чыгышында көп жылдардан бери уланып келе жаткан кандуу кагылышууларды токтотуу максатында Вашингтондо тынчтык келишимине кол коюуга даярданууда.
*** Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн Стамбулда улантыларын ырастады.