12 Сентябрь 2025
*** Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху оккупацияланган Чыгыш Кудс шаарынын жанындагы Маале Адумимде ири отурукташуу долбоорунун ачылышында Палестина мамлекетинин түзүлбөй тургандыгын айтты.
*** Бразилиянын Жогорку соту мурдагы президент Жаир Болсонарону төңкөрүш аракети үчүн айыптуу деп таап, 4 кө каршы 1 добуш менен 27 жылга эркинен ажыратты.
*** Би-Би-Синин маалыматына караганда, Британиянын премьер-министри Кир Стармер Британиянын АКШдагы элчиси лорд Питер Манделсондун сексуалдык кылмыштар үчүн айыпталган Жеффри Эпштейн менен байланышы ачыкка чыккандан кийин кызматтан алды.
***ФБР консерватор активист Чарли Киркти өлтүрүүгө шектелип жаткан адамдын качып бара жаткан жеринен тартылган видеосун жарыялады.