ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Иран Израиль менен ок атышуу токтотулгандан кийин аба мейкиндиги жана көпчүлүк аэропортторун ачты
Тегеран өткөн айда Израиль менен болгон кагылышуулардан улам жабылган ички жана тышкы каттамдарын күндүзгү сааттарда кайрадан башталарын билдирди.
Иран Израиль менен ок атышуу токтотулгандан кийин аба мейкиндиги жана көпчүлүк аэропортторун ачты
/ Getty Images
14 саат мурун

Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Иран Израиль менен болгон кагылышуулардан улам өткөн айда толугу менен жапкан аэропорттору менен аба мейкиндигинин көбүн толуг кайра ачты.

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA бейшемби күнкү билдирүүсүндө Тегерандын Мехрабад жана Имам Хумейни эл аралык аэропорттору менен түндүк, чыгыш, батыш менен түштүктөгү башка аэропорттор азыркы учурда активдүү жана каттамдарга даяр.

Жетекчилер инфраструктураны жакшыртуу улантылып жаткан Исфахан жана Тебризден башка жерлерде каттамдардын жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:00 менен кечки саат 18:00 арасында ишке ашырыларын айтышты.

Ирандын жарым расмий маалымат агенттиги Тасним өлкөнүн аба мейкиндигинин эми күндүзгү сааттарда эл аралык транзит каттамдарга ачык экендигин билдирди.

Израилдин абадан сокку уруусуна жооп катары ракеталык аткылоолордон кийин Иран 13-июнда аба мейкиндигин толугу менен жапты.

Эки тараптын арасындагы ок атышпоо 24 - июнда күчүнө кирди.

Иран ок атышпоодөн кийин чыгыш аймактарындагы аба мейкиндигин кайрадан ачып эл аралык каттамдар үчүн жеткиликтүүлүктү жогорулаткан.

Каттамдардагы кемчиликтер жана өскөн чыгымдар

Дүйнөлүк авиация картасы көп жылдардан кийин биринчи жолу күтүүсүз жана кымбат өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Авиакомпаниялар каттамдарын өзгөртүүгө аргасыз болушту, натыйжада жол жүрүү убакыттары жана эксплуатациялык чыгымдардын жогорулашына алып келет, бул жүк ташуучуларга да, жүргүнчүлөргө да оорчулук жаратат.

Эл аралык ири авиакомпаниялар аймактагы аскердик чыңалуунун күчөшүнөн жана ракеталык чабуулдардын уланышынан келип чыккан тобокелдиктерден качуу үчүн каттамдарын Жакынкы Чыгыштын аба мейкиндигинен алыстатышты.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us