ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 - апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Буга чейин Кытайдын келишимдин акырына чыгышында ойной турган ролун кабыл алган Трамп: «Балким муну ишке ашыруу үчүн аларга тарифтерди төмөндөтүп беремин же башка бир нерсе кыламын»,- деди.
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
"There's tremendous interest in Tiktok," Trump says, adding, "I'd like to see Tiktok remain alive." / AP

Президент Дональд Трамп TikTokтун кытайлык башкы ByteDance компаниясынын 170 миллион америкалык колдонгон кыска видео колдонмосун сатуу боюнча 5-апрелге чейин келишим түзөрүн айтты.

Трамп январь айында 2024-жылдагы мыйзамдын негизинде TikTokко улуттук коопсуздук деген негиз менен тыюу салбоо үчүн Кытайдан башка сатып алуучуну табуу керектигин белгилеген.

«Көптөгөн потенциалдуу алуучубуз бар»,- деген Трамп жекшемби күнү түнү Air Force One учагында журналисттерге маалымат берди.

«TikTok абдан чоң кызыгууларды тартып жатат. TikTokтун болушун каалаймын»,- деди.

 TikTok бул тууралуу  дароо комментарий берген жок.

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, Blackstone TikTokтун АКШ операцияларына кичинекей азчылык инвестициясын салууну карап жатат. Бул тема тууралуу маалыматы бар эки булак Blackstone, ByteDance’in Susquehanna International Group жана General Atlantic жетектеген Кытайдан башка акционерлерге кошулууну жана TikTokтун АКШдагы бизнесин сатып алуу үчүн жаңы капитал тартууну талкуулап жатат.

Бул топ азырынча эң күчтүү талапкер катары өзгөчөлөнүүдө.

Вашингтон TikTokтун ByteDance компаниясына тиешеси бар экенин, бул колдонмону Кытай өкмөтүнө караштуу абалга алып келгендигин жана Пекиндин колдонмону АКШга каршы таасирдүү операцияларды жүргүзүү жана америкалыктар тууралуу маалыматтарды чогултуу үчүн колдоно аларын ырастоодо.

Трамп буга чейин социалдык медиа колдонмосу боюнча  келишим түзүлө албаса  апрель айындагы акыркы мөөнөттү узартууну каалагандыгын айткан.

Өткөн аптада Трамп Кытайдын келишимдиy акырына чыгышында  Кытайдын ойногон ролун кабыл алып : "Балким муну ишке ашыруу үчүн тарифтерди төмөндөтөмүн же башка нерсе кыламын",- деген.  

Вице-президент Дж.Д.Вэнс  социалдык медиа платформасынын ээлиги боюнча келишимдин негизги чегинин 5-апрелге чейин аныкталышы күтүлүп жаткандыгын айтты.

2024-жылы көпчүлүк добуш менен жактырылган мыйзам ByteDance компаниясын 19-январга чейин TikTokтан чыгууну талап кылган жана колдонмонун келечеги белгисиз бойдон калууда.

Ак үй чоң кызыгуу көргөн бул келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдө  өзгөчө деңгээлде орун алып,  инвестициялык банк сыяктуу иш алып барды.

 

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us