Кытай армиясы шейшемби күнү Тайвандын айланасындагы сууларда кеңири масштабдуу машыгууларды баштагандыгын жарыялап, өзүн өзү башкарган аралды көз карандысыздык изденүүсүнөн баш тартуусу боюнча дагы бир жолу эскертти.
Элдик боштондук армиясынын Чыгыш командирлигинин катчысы Ши Йи биргелешкен машыгуунун деңиз, аба, кургактык жана ракета күчтөрүн камтыгандыгын жана булардын “Тайвандын көз карандысыздык аракетерине каршы олуттуу эскертүү жана күчтүү чектөө” экендигин айтты.
Пекин Тайванды өз аймагы катары карап керек болгон учурда күч колдонуу менен көзөмөлгө ала аларын жактаса, Тайвандагы коомчулук бул тема боюнча экиге бөлүндү. Айрым тайвандыктар өз алдынча демократиялык статусун колдосо, айрымдары да Кытай менен кайра биригүүнү колдоп жатат.
Тайвандын Улуттук коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү таңкы саат 6дан шейшемби күнү таңкы саат 6га чейин аралдын айланасында Кытайдын 19 аскердик кемесин аныктагандарын билдирди.
Министрлик Кытайдын Шандонг учак конуучу кемесинин кыймылына ишембиден бери көз салып жатканын жана учак конуучу кеме тобунун Тайвандын өзү белгилеген абадан коргонуу идентификациялык аймагына киргендигин билдирди.
“Тайвандын айланасында ишке ашкан бул кыймылдар аймактык тынчтык жана туруктуулукту бузганын ачыкча көрсөтүүдө”,- деген Тайвандын коргоо министри Веллингтон Ку машыгууларды көзөмөлдөө үчүн борбордук жооп тобун түзүшкөндөрүн жарыялады.
Кытайдын Жээк коопсуздугу да шейшемби күнү Тайвандын айланасында "күзөт патрулун” жүргүзгөндүгүн жарыялады.
Бул машыгуулар Пекиндин март айынын ортосунда Тайванга чоң учкучсуз учуучу аппарат жана кеме флотун жибергенден эки жумадан кийин ишке ашууда.
Кытайдын Тайвань соттук иштери боюнча кеңсеси машыгуулардын түздөн-түз Тайвандын президенти Лай Чинг- теге багытталгандыгын билдирди.
“Лай Чин-те Тайвандын көз карандысыздыгын жактап жатат, Кытайды “чет элдик душман күчү” деп мүнөздөөдө жана “17 беренелик стратегияны” сунуш кылып Кытайга каршы сезимдерди козутуу”,- деп белгиленген билдирүүдө : “Мындай кыймылдарды кабыл албайбыз жана буларга каршы чыгуу менен катуу түрдө чара көрүшүбүз керек”,- деп айтылды.
Март айында Лай Тайвандын улуттук коопсуздугун бекемдөө үчүн 17 беренеден турган стратегияны сунуштаган. Бул стратегия тыңчылык соттук иштеринин аскердик соттордо каралышын жана Кытай жарандарынын туруктуу жашоого уруксат берүү эрежелерин катаалдаштыруу эрежелерин камтууда.
Кытайдын Элдик боштондук армиясы машыгууларды жарыялоо үчүн бир катар видеолорду чыгарган, анын ичинде Лайды аралды “ууландырган” жашыл паразит катары сүрөттөгөн видео да бар. Видеодо Лайдын башы чоң жашыл сөөлжандын денесине жайгаштырылып, андан кийин кармалып Тайвань картасынын үстүндөгү чокто бышырып жаткан көрүнүш тартылган.
Пекин Тайвандын коргонуусун жана моралдык абалын начарлатууга аракет кылып, аралга күн сайын аскердик учактарды жана деңиз флотунун кемелерин жөнөтүүдө. Бирок аралдын 23 миллиондук калкынын көпчүлүгү Кытайдын Тайванга карата эгемендүүлүк дооматтарын четке кагууда. Акыркы жылдарда Пекин мындай аскердик аракеттеринин масштабын кеңейтип, аскердик учактарды гана эмес, учкучсуз учуучу аппараттарды жана кемелердин флотторун да жөнөтө баштады.
Кытайдын Улуттук Коргоо Университетинин профессору Чжан Чи мамлекеттик CCTV телеканалына берген маегинде "Кытай Элдик боштондук армиясы деңиз жана аба күчтөрү менен деңизден жана кургактыктан чабуулдарды репетициялоодо. Бул машыгуулардын максаты Тайвандык бийликтердин кээ бир маанилүү буталарына көп тараптуу так сокку уруу жөндөмүбүздү сыноо”,- деди.
Кытайдан келген коркунучтар менен бетме - бет келген Тайвань АКШдан жаңы ракеталарды, учактарды жана башка курал-жарактарды сатып алып, өзүнүн коргонуу өнөр жайын бекемдеп жатат.
Тайвань менен Кытай 76 жыл мурун жарандык согуштун натыйжасында бөлүнгөн бирок акыркы жылдары эки өкмөттүн ортосундагы байланыштардын токтошу менен чыңалуу кайрадан күчөдү.