Пакистан армиясынын башкы штабынын төрагасы, генерал Асым Мунир премьер - министрлик кеңсесинен берилген маалыматка караганда 60 жылга жакын убакыттан кийин бул наамды алган биринчи генерал катары маршал наамына көтөрүлдү.
Премьер - министр Шахбаз Шарифтин жетекчилигинде шешемби күнү болгон кабинет жыйынында бекитилген бул көтөрүлүү өлкөнүн Индия менен 30 жылдын эң начар аскердик кагылышуусунан бир канча күндөн кийин болду.
Шариф кеңсесинен берген билдирүүсүндө : «Бул көтөрүлүү улуттук коопсуздукту камсыз кылуудагы стратегиялык акылмандык жана эр жүрөктүк лидерлик үчүн берилди, бул душманды чечкиндүү жеңүүгө алып келди», – деп билдирди.
Армия тарабынан берилген билдирүүдө болсо Мунир : “Бул сыймык бир гана мага эмес, бүтүндөй улуттун жана Пакистан куралдуу күчтөрүнө өзгөчө жаран жана аскердик шейиттерибиз менен ардагенлерибизге таандык”,- деди.
“Бул бир гана жеке сыйлык эмес, ошол эле учурда улутка жана куралдуу күчтөрүнө карата мактоо”,- деп кошумчалады.
Бул көтөрүлүү генерал Эйүп Хан 1965 - жылы өзүн маршал деп жарыялагандан бери биринчи жолу болуп жатат.
Премьер - министрлик кеңсесинин билдиргенине караганда кабинет өзгөчө Пакистан аба күчтөрүнүн командири, аба маршалы Заир Ахмед Бабар Сидхунун кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин анын кызмат мөнөтүн узартуу чечимин чыгарды.
Сидхунун кызмат мөөнөтү канчага узартылары же Мунирдин маршал даражасына көтөрүлүшү анын пенсияга чыгуу мөөнөтүнө таасир этери тууралуу маалымат берилген жок.
Мунир 2022-жылдын ноябрь айында башкы штабдын төрагасы катары кызматын баштаган.
2023-жылдын ноябрында парламенттин мыйзам долбоору Мунирдин мөөнөтүн үч жылдан беш жылга узарткан.