МАДАНИЯТ
1 мүнөт окуу
Египеттеги Хатшепсут храмынан жаңы экспонаттар табылды
Египеттин Туризм жана байыркы эстеликтер министрлиги Луксордогу  Дейр эл-Бахри аймагында табылган ханыша Хатшепсут храмы жана  Ханыша Тетинин сарай башкаруучусу  Шаринин мүрзөсүнөн маанилүү археологиялык табылгалардын табылгандыгын жарыялады.
Египеттеги Хатшепсут храмынан жаңы экспонаттар табылды
Египеттеги Египеттеги Хатшепсут храмынан жаңы экспонаттар табылды храмынан жаңы экспонаттар табылды / TRT Global
28 Февраль 2025

Луксордун губернатору Абдулмутталиб Амара, Жогорку байыркы эстеликтер кеңешинин башкы катчысы Мухаммед Исмаил жана египеттик археолог Др. Захи Хавасстын катышуусунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында бул маанилүү табылгалардын аймакта 2022-жылдын сентябрынан бери казуу иштерин жүргүзүп жаткан «Захи Хавас Археология жана Мурас Фонду» менен Байыркы Эстеликтер Жогорку Кеңешине караштуу биргелешкен археологиялык топтун үч жылдык эмгегинин натыйжасында бул маанилүү ачылуулардын болгондугун белгиледи.

Др. Хавасс  табылгалардын арасында ханыша Хатшепсуттун жаназа храмынын негизги кире бериши катары кабыл алынган «Өрөөн храмынын» пайдубал калдыктары менен Хатшепсут дооруна таандык сейрек кездешүүчү жана уникалдуу чеканкалардын бар экенин белгиледи. Бул чеканкалардын Египет музейлеринде бдан аз үлгүсү болгон,  скульптура искусствосунун эң сонун үлгүлөрү экендиги баса белгиленди.

Өзгөчө табылган чеканкалардын  Рамсес доорунда жана 19- династия мезгилинде  (б. з. ч. 1292-1186) талкаланган Өрөөн храмынын урандыларынын эң жакшы сакталган бөлүктөрү экендиги белгиленди.

Бул табылгалар байыркы Египет цивилизациясынын тарыхына маанилүү салым кошуп, Луксор аймагынын дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген изилдөөчүлөрдүн жана зыяратчылардын көңүлүн бурган уникалдуу экспонаттарга толгондугун дагы бир жолу далилдеп жатат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us