Түркия Грециядан өлкөнүн улуттук күнүн белгилөө үчүн Афинада өткөрүлгөн парад аземинде айрым аскердик кызматкерлеринин “жөнсөз” ураандар тууралуу расмий билдирүү талап кылды.
Күбөлөрдүн айтымында, Грециянын көз карандысыздыгы жана улуттук сыймыгы белгиленген бир иш - чара болгон аземде айрым аскерлер “Кипр гректердики” деген ураандар менен жүрүп, Түркияга карата агрессивдүү сөздөрдү да колдонушту.
Шейшемби күнү болгон бул окуяга тышкы иштер министрлигинин булактары тарабынан Түркия - Греция карым - катнаштарын бузууга багытталган аракет катары баа берилди.
Грек басма сөзүндө орун алган маалыматтарга караганда Түркия жана кипрдик түрктөрдү бутага алган аракеттер болгон көрүнүштөрдүн жайылышы менен Грециянын коргоо министрлиги дароо аракетке өттү жана деңиз күчтөрү командирлиги бул темага байланыштуу дисциплиналык иликтөөнү баштоо чечимин чыгарды.
Грециянын негизги оппозиция партиясы Радикал солчул СИРИЗА альянсы да бул ураандардын кабыл алынгыс экендигин айтып, бул тууралуу кылдат териштирүү жүргүзүүгө чакырды.