Израилдин Иранга кол салуулары уланып жатканда президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Шейшемби күнү жарыяланган билдирүүгө караганда, эки лидер Израиль-Иран жаңжалы менен катар эки тараптуу мамилелерди жана башка аймактык маселелерди да талкуулашты.
Билдирүүдө президент Эрдоган сүйлөшүүдө Израилдин Иранга кол салуулары менен башталган зомбулук спиралынын бүтүндөй аймактын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын, аймактын жаңы согушту көтөрө албай турганын айтканы белгиленди.
Эрдоган ошондой эле кагылышууларды дипломатиялык жолдор аркылуу токтотуу үчүн аракет кылып жаткандарын, Иран менен өзөктүк талашты чечүүнүн ачкычы сүйлөшүүлөргө кайтып келүү экенин айтты.
Учурдагы кырдаалдын Газадагы оор гуманитардык абалды көз жаздымда калтырбашы керектигин эскерткен Эрдоган, антпесе Батыш Шериа жана Чыгыш Кудс да Израилдин оккупациясына кабылышы мүмкүн экенин билдирди.