Германиянын жаңы канцлери анын өлкөсү жана анын башка негизги союздаштары Орусияга каршы согушта Украинага берилүүчү курал-жаракка мындан ары эч кандай чектөө киргизбей турганын билдирди.
Үч апта мурун Германиянын жаңы лидери болгондон кийин Фридрих Мерц ок атышууну токтотуу жана Батыштын Украинага колдоосун сактап калуу үчүн дипломатиялык кадамдарды баштады.
«Украинага жеткирилген курал-жарактарга мындан ары британиялыктар да, француздар да, биз да, америкалыктар да эч кандай чектөөлөрдү койбойт»,- деди Мерц дүйшөмбү күнү.
WDR коомдук телеканалы уюштурган форумда Мерц: «Бул Украина, мисалы, өзүн коргоо үчүн Орусиядагы аскерий позицияларды бутага ала алат дегенди билдирет», - деп, бул бир канча убакыт мурда мүмкүн болбогонун, бирок азыр мүмкүн экенин кошумчалады.
«Биз муну техникалык терминдер менен «узак аралыкка аткылоо» деп атайбыз, бул Украинаны арткы пландагы аскердик буталарга сокку ура ала турган курал менен камсыз кылууну билдирет», - деп улантты Мерц.
Мерц бул маселе боюнча кеңири маалымат берген жок, бирок ал өткөн жылдын аягында алыс аралыкка атуучу куралдарга коюлган чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө сөз кылып жатканы белгисиз.

The US move, two months before President-elect Trump takes office on Jan. 20, follows Ukrainian President Zelenskyy's months-long requests to use US weapons to hit Russian targets far from its border.
Кремль: Өтө коркунучтуу
Мерцтин билдирүүлөрүнө комментарий берген Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков алыстыкка чектөөлөрдү алып салуу чечими «өтө кооптуу» жана «саясий чечимге болгон аракеттерге каршы келет» деди.
Песков:«Эгер бул потенциалдуу чечимдер чындап кабыл алынса, алар биздин саясий чечимге келүү аракетибизге таптакыр карама-каршы келет», - деди.
Германия Украинага АКШдан кийинки эң чоң аскердик жардам берүүчү өлкө.
Мерц өкмөтү мурдагы канцлер Олаф Шольц жасоодон баш тарткан жана оппозиция лидери катары коргогон Taurus алыс аралыкка атуучу канаттуу ракеталарды береби же жокпу, унчукпай келет. Учурдагы өкмөт, Шольцтун администрациясынан айырмаланып, ал «стратегиялык белгисиздиктин» зарылдыгына шылтоолоп, Украинага берген курал-жарактары тууралуу так маалымат бербей турганын билдирди.
Taurus ракеталары 500 километрге (310 миль) чейин уча алат.