Израилдин мурастар министри Амихай Элияху Иранга каршы ыктымал аскердик операция “күтүүсүз” болушу мүмкүн экенин кыйытты. Билдирүү аймактык чыңалуу тездик менен күчөп турган учурга туш келди.
"Биздин эч кимибиз Иранга чабуул качан жана кантип болоорун так билебиз деп айтууга болбойт", - деди Элияху Yedioth Ahronoth гезитинде. Ошол эле күнү Израиль Иранга кол салууну пландап жатат деген маалымат басма сөздө кеңири жарыяланды.
«(Хизбулланын мурдагы башкы катчысы) Хасан Насраллага капысынан жасалган кол салууну баары эстейт», - деп айткан Элияху стратегиянын согуштарды күтүүсүз баштоо экенин билдирди, бирок кошумча маалымат берген жок.
Бул билдирүүлөр АКШ менен Ирандын ортосундагы кыйыр өзөктүк сүйлөшүүлөрдөгү жылыш токтоп калганы тууралуу кабарлар менен бир убакта айтылды. Жакынкы Чыгышта белгисиздик күч алууда.
Вашингтон Ирандан уранды байытуу боюнча иш-аракеттерин толугу менен токтотууну талап кылууда, Тегеран болсо бул программа “соодалашууга тема болбой турганын” жана келишим болсо да болбосо да уланта бере турганын билдирди.
"Иран АКШнын аскерий базаларына сокку ура алат"
АКШнын президенти Дональд Трамп шаршемби күнү Иран уранды байытууну токтотууга макул болоруна “азыраак ишенерин” билдирди.
Ошол эле күнү Ирандын коргоо министри Азиз Насирзаде өлкөсүнө кол салуу болгон учурда АКШнын аймактагы аскерий базалары бутага алынарын билдирди.
АКШ, Израиль жана башка кээ бир өлкөлөр Иранды тымызын өзөктүк курал жасап жатат деп айыптаса, Тегеран анын өзөктүк программасы энергия өндүрүү үчүн гана экенин жана тынчтык максатты көздөөрүн баса белгилеп келет.
Иран өзүнүн кээ бир өзөктүк ишмердүүлүгүнө чектөө коюунун ордуна эл аралык санкцияларды алып салууну талап кылууда. Ошону менен бирге ал эл аралык укукка ылайык тынчтык максатта атомдук энергия өндүрүүгө болгон укугун сактоону талап кылууда.
Израиль аймактагы өзөктүк куралга ээ деп эсептелген жалгыз өлкө. Бирок Тель-Авив өкмөтү бул куралдардын бар экенин расмий түрдө мойнуна алган эмес жана өлкө эл аралык текшерүүгө да алынган эмес.