ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Орусия жана Украина бул аптада төртүнчү жолу тутундарды алмашышты
Украина ошондой эле Орусиядан дагы 1200 белгисиз сөөк алганын жарыялады.
Орусия жана Украина бул аптада төртүнчү жолу тутундарды алмашышты
Орсиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан бул сүрөттө орус аскер кызматкерлери туткундан кайтып келгенден кийин автобуста отурушат. / AP
9 саат мурун

Украина менен Орусия дагы бир жолу туткундарды алмашуу жүргүзүштү. Бул бир жуманын ичинде төртүнчү жолу болгонун ишемби күнү эки тарап тең билдиришти. Бул алмашуу ушул айдын башында Стамбулда жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашты.

“Биз өз адамдарды Орусиянын туткунунан чыгарып жатабыз. Бул бир жуманын ичинде төртүнчү алмашуу,” – деп Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактарда жазды.

Орусиянын коргоо министрлиги Telegram аркылуу жарыяланган билдирүүсүндө: “Орусия-Украина макулдашууларына ылайык дагы бир топ орусиялык аскер кызматкерлери Киев режими көзөмөлдөгөн аймактан кайтарылды,” – деп билдирди.

Украинанын туткундарды алмашуу боюнча жооптуу расмий өкүлдөрү Орусиядан дагы 1200 белгисиз сөөктөрдү алганын билдиришти. Алардын айтымында, бул сөөктөр Орусиянын маалыматы боюнча, “украин жарандарына, анын ичинде аскер кызматкерлерине таандык” жана бул дагы Стамбул макулдашууларынын алкагында ишке ашкан.

Украина Орусияга сөөктөрдү кайтарып берген-бербегени тууралуу маалымат берген жок.

Зеленский Telegram аркылуу жарыялаган еөрүнүштөрдө ар кандай курактагы эркектер, көбүнчө чачтары кыска алынган, камуфляж кийимчен жана украин желектери менен оролгон абалда көрсөтүлгөн. Айрымдары жаракат алган, башкалары автобустардан түшүп, тосуп алгандарды кучактап жатышкан же телефон аркылуу кимдир бирөөгө чалып жатышкан, кээде жүздөрүн жаап же жылмайып турушкан.

Москва Коргоо министрлигинин өз видеосун жарыялап, анда форма кийген эркектер Орусиянын желектерин көтөрүп, “Орусия, Орусия”, “Орусияга даңк” жана “ура” деп кыйкырып жатышканын көрсөттү. Кээ бирлери муштумдарын көтөрүп жатышкан.

Бул алмашуу Орусиянын ок атышууну токтотуу чакырыктарын кайра-кайра четке кагып, фронттук сызыкты бойлото чабуулдарын күчөткөн учурга туш келди. Айрыкча, түндүк-чыгыштагы Сумы аймагында Орусия өзүнүн Курск аймагын коргоо үчүн “буфердик зона” түзүүгө аракет кылып жатат.

Зеленскийдин айтымында, Орусиянын Сумы аймагындагы чабуулу токтотулган жана Киевдин күчтөрү бир айылдын көзөмөлүн кайтарып алган.

Украинанын президентинин маалыматы боюнча, Орусия Сумы операциясында 53000 аскерди колдонуп жатат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us