АКШнын Мамлекеттик департаментинин кеңешчиси Жастин Фридман Вашингтондун Түркия менен атомдук энергетика тармагында кызматташууга ачык экенин белгилеп, өзгөчө чакан модулдук реакторлор (SMR) үчүн каржылоого даяр экендиктерин, бирок жылыш үчүн ишке аша турган долбоорлорду күтүп жатышкандарын айтты.
1-2-июлда Стамбулда өткөрүлгөн 11-Атомдук электр станциялары саммитинин алкагында Анадолу агенттигине маалымат берген Фридман : «Бул долбоорлорду каржылоо менен далдаштыра алышыбыз үчүн долбоорлордун көрсөтүлүшүн күтүп жатабыз»,-деди.
Фридман: «Алар күтүп жатышат; бизге жакшы долбоорлор керек»,-деп айтты.
АКШнын Экспорт-импорт банкы менен АКШнын Эл аралык өнүгүү финансы корпорациясынын (DFC) Румыния жана Польшадагы өзөктүк долбоорлорго 17 миллиард доллардан ашык каржы бөлгөндүгүн эске салган Фридман, эми Түркияга басым жасагандарын айтты.
«Бул мекемелер Түркиядагы мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жатышат жана өзгөчө SMR долбоорлорунун жүрүшүн колдой турган программалары бар», - деп кошумчалады ал.
Биринчи атомдук электр станциясы
Түркия Жер Ортолук деңизинин жээгинде Орусиянын мамлекеттик атомдук агенттиги Росатом менен биргеликте курулган төрт блоктук Аккую атомдук станциясы менен алгачкы өзөктүк долбоорун ишке ашырууда. Завод толук кубаттуулукта иштей баштаганда Түркиянын 60 жылдык электр энергиясына болгон муктаждыгынын болжол менен 10 пайызын камсыздайт.
Анкара ошондой эле Кара деңиз жээгиндеги Синопто жана Фракия аймагында чоң масштабдагы атомдук станцияларды курууну пландоодо. Максат 2050-жылга чейин орнотулган өзөктүк кубаттуулукту 20 гигаваттка жеткирүү. Түркиянын узак мөөнөттүү энергия пландоосунда каралып жаткан варианттардын арасында чакан модулдук реакторлор да бар.
Фридман 2014-2017-жылдары АКШнын Анкарадагы элчилигинде саясий кеңешчи болуп кызмат кылган. Фридман бүгүнкү жолугушууларында түрк жана америкалык фирмалардын SMR тармагында табигый кызматташтык потенциалына басым жасады.
Америкалык кеңешчи Фридман : «Бүгүнкү күндө да түрк фирмалары Түркиянын тышында ишке ашырылган ядролук долбоорлорго тетиктерди, материалдарды жана кызматтарды берип жатышат. Ошондуктан америкалык фирмалардын бул тажрыйбадан пайда көрүүнү каалашы табигый нерсе»,-деди.
«Амбициялык максат»
Фридман өзөктүк энергетика тармагындагы кызматташуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдей алат деп эсептейт. АКШнын президенти Дональд Трамптын 2050-жылга чейин өлкөгө 400 гигаваттык жаңы өзөктүк кубаттуулук куруп берүүнү максат кылганын белгилеген кеңешчи мунун «өтө амбициялуу» план экенин жана бул пландын АКШны дүйнөлүк лидер кыла турганын айтты.
Фридман : «Ядердик кызматташтык Анкара менен кеңири стратегиялык карым-катнашыбызды түзгөн негизги тармактардын бири. Бул тармакта биргелешип иш алып баруу менен өнөктөштүгүбүздү дагы да алдыга жылдырууну максат кылуудабыз»,-деди.
Фридман Түркия менен АКШнын «бекем дос жана жакшы өнөктөш» экенин белгилеп, атомдук энергетика тармагындагы кызматташтык өнүгөт деген үмүтүн билдирди. «Биз эки тараптын тең бул багытта жылгысы келгендигинин белгилерин көрүп жатабыз. Мен бул процесстин бир бөлүгү болгонума кубанычтамын»,-деди ал.
Жакынкы келечекте эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу өзөктүк келишим түзүлөбү деген суроого Фридман : «Жакында келишим болот деп үмүттөнөм. Мен бул келишимди даярдай турган топтун бир бөлүгү болгум келет. Бирок учурда бөлүшө ала турган конкреттүү өнүгүү жок»,-деди.