ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ Сириядагы "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмун террордук тизмеден чыгарууну карап жатат
Мамлекеттик департамент бул топтун статусун кайра карап чыгып, Цезарь Актысынын санкцияларын токтотууну кароого даяр экендигин билдирди.
АКШ Сириядагы "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмун террордук тизмеден чыгарууну карап жатат
/ Reuters
1 Июль 2025

АКШ дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө Асаддан кийин Сирияга жасалган санкцияларды жойгондон кийин Найят Тахрир аш - Шам (ХТШ)тобун террордук тизмеден чыгара аларын белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө ылайык, ХТШнын террордук уюм катары аныктамасын кайра карап чыгуу жана Сирияга карата Цезарь мыйзамынын санкцияларын толук токтотуу маселеси каралууда. Бул кадам АКШнын президенти Дональд Трамптын көрсөтмөсүнө ылайык ишке ашырылат.

Ошондой эле, ХТШнын жана Сириянын президенти Ахмед Шаранын атайын белгиленген глобалдык террорист статусу, ошондой эле Сириянын терроризмдин мамлекеттик демөөрчүсү статусу кайра каралып, БУУ аркылуу санкцияларды жеңилдетүүнүн кошумча жолдору изилдене тургандыгы белгиленди.

Билдирүүдө : “Бүгүнкү кадамдар Сирия элинин коопсуз, туруктуу жана ийгиликтүү келечекти түзүү жолунда жаңы барак ачат”, - деп айтылды.

‘Туруктуулук жана тынчтык жолу’

Ак үй дүйшөмбү күнү берген маалыматында Трамптын Сирияга карата АКШнын санкциялык программасын токтотуу боюнча президенттик жарлыкка кол койгонун билдирди.

Буга чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт журналисттерге бул кадамдын Сириянын "туруктуулук жана тынчтык жолун" колдоого багытталганын айткан.

Май айында Трамп Эр-Рияддагы инвестиция форумунда Сирияга карата "катуу жана кыйратуучу" санкцияларды алып салуу ниетин жарыялаган. Бир күндөн кийин ал Сауд Арабиясында Шараа менен тарыхый жолугушуу өткөргөн – бул АКШ менен Сирия лидерлеринин акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жолугушуусу болду.

Сирияны дээрлик 25 жыл башкарган Башар Асад 8 - декабрда ХТШ жетектеген оппозициялык топ Дамаскты колго алгандан кийин Россияга качып кеткен.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us