Түркия тынчтык дипломатиясынын, глобалдык жардамдын, колдоонун жана ортомчулуктун негизги актеру катары дүйнө тарабынан жогору бааланган өлкөгө айланды»,-деди президент.
“Биз буга чейин Украинанын президенти (Володимир) Зеленский менен жолукканбыз. Өткөн аптада АКШнын президенти Трамп менен бул (Украина) маселени талкууладык жана кан төгүүнү токтотуу үчүн жасала турчу кадамдарды сүйлөштүк,” – деди Режеп Таййип Эрдоган дүйшөмбү күнү Анкарада Кабинет жыйынынан кийин.
“Урматтуу досум (АКШнын президенти Дональд) Трамптын чыр-чатактарды диалог жана дипломатия аркылуу чечүү ниетин колдойбуз. Кудайга шүгүр, Түркия глобалдык тынчтык дипломатиясында жардам, колдоо жана ортомчулук үчүн издеген өлкөгө айланды” деп кошумчалады.
Төрт жылдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушун токтотуу аракеттери тууралуу Эрдоган: “Бардык тараптар ишенген жалгыз өлкө катары” Түркия бейшемби күнү Стамбулда өтө турган Орусия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүнө салым кошууга даяр жана аларды кубануу менен кабыл алат,” – деп билдирди.
Орусия-Украина согушундагы акыркы сүйлөшүүлөрдүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаганын белгилеген Эрдоган, бул мүмкүнчүлүктүн текке кетпей турганына ишенгенин айтты.
Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалуу боюнча Эрдоган, эки өлкөнүн ортосунда жакында жарыяланган ок атышпоо келишимин кубаттап, эки тарапты тең провокациялардан алыс болууга чакырды.
Террористтик уюм ПККнын өзүн-өзү жоюу жана куралсыздануу тууралуу жарыясына токтолгон Эрдоган, мунун Түркиянын коопсуздугу, аймактык тынчтык жана улуттук биримдик үчүн маанилүү кадам экенин айтты.