АКШнын президенти Дональд Трамп 14 өлкөдөн, анын ичинде Япония жана Түштүк Кореядан келген товарларга жаңы тарифтерди киргизгенин жарыялады. Трамп бул кадамдын америкалык соода алакаларында тең салмактуулукту калыбына келтирүүгө багытталганын айтты.
Япония менен Түштүк Кореядан келген товарларга 25% тарифти камтыган жаңы чаралар 1-августтан тарта күчүнө кирет.
Трамп Япониянын премьер-министри Ишиба Шигеру жана Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ-Мёнго кат жөнөтүп, "Биздин мамилебиз, тилекке каршы эки тараптуулуктан алыс" деп жазды.
Жаңы тарифтерден коргонуу үчүн эки өлкөнүн өндүрүшүн АКШга ташууну сунуштаган Трамп, жооп кайтаруу тарифтеринин АКШ тарабынан дагы да катуу жазаларга алып келерин эскертти.
"Эгер кандайдыр бир себеп менен тарифтерди көтөрүүнү чечсеңиздер, анда көтөрүлгөн пайызга дагы 25 пайыз кошулат," деп жазды Трамп каттарында.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт АКШнын президенти бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 9-июлдан 1-августка жылдыруу боюнча буйрукка кол коёрун ырастады.
Левитт ондон ашык өлкөгө расмий билдирүүлөр жөнөтүлгөнүн айтып "Администрация, президент жана анын соода командасы Америка эли жана жумушчулары үчүн эң жакшы келишимдерди түзүүнү көздөйт," деп билдирди.
Трамп Япония жана Түштүк Кореядан тышкары төмөнкү өлкөлөргө жаңы тарифтерди жарыялады:
Малайзия, Казакстан, Тунис – 25 пайыз
Түштүк Африка, Босния жана Герцеговина – 30 пайыз
Индонезия – 32 пайыз
Сербия, Бангладеш – 35 пайыз
Камбоджа, Таиланд – 36 пайыз
Лаос, Мьянма – 40 пайыз
Ак үй бул жаңы тарифтер мурдагы тармактык тарифтерге кошулбай турганын билдирди, мисалы чет элдик унааларга 25 пайыздык бажы салыгы.
Трамп бул тарифтер АКШнын экспортун чектеген чет элдик саясаттарга жана соода тартыштыктарына жооп катары киргизилгенин айтты.
Каттарда "Бул тарифтер биздин өлкө менен болгон мамилеңизге жараша жогорулатылышы же төмөндөтүлүшү мүмкүн" деп жазды.
Экономикалык таасир
Бул жарыядан кийин рыноктор кескин төмөндөдү.
Dow Jones Industrial Average 422 пунктка (0,94%), S&P 500 0,79% жана Nasdaq Composite 0,92% төмөндөдү – бул үч жуманын ичиндеги эң начар көрсөткүч.
АКШга экспорттун чоң көлөмү бар япон автоунаа өндүрүүчүлөрүнүн акциялары кескин төмөндөдү. Toyota 4 пайызга, Nissan 7.16 пайызга, Honda 3.86 пайызга төмөндөдү.
Экономисттер жаңы тарифтер АКШда керектөө баасын, өзгөчө Япония менен Түштүк Кореядан импорттолгон унаалар, электроника жана машиналар сыяктуу негизги өнүмдөрдүн баасын жогорулатат деп эскертишти.
АКШнын Соода министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы Трамптын тизмесинде биринчи орунда турган жети өлкөдөн импорттолгон 351 миллиард долларлык товардын 280 миллиард доллары жалгыз Япония менен Түштүк Кореядан келген.