Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Иранга жасаган аба соккуларын катуу айыптап, бул кол салуларды аймактык жана дүйнөлүк туруктуулукту коркунучка салуу деп мүнөздөдү.
Эрдоган жума күнү Х платформасынан берген билдирүүсүндө : “Израиль аймагыбызды өзгөчө Газаны кан, көз жашы жана туруксуздукка батыруу стратегиясын бүгүн эрте менен абдан коркунучтуу деңгээлге алып келди”,- деди.
Коңшу Иранга жасалган кол салууларды «эл аралык мыйзамды тоготпогон ачык провокация» деп мүнөздөгөн Эрдоган, бул кол салуулардын Израилдин Газадагы кыймылдарынан улам ядролук сүйлөшүүлөр күчөгөн жана эл аралык кысым күчөгөн маанилүү мезгилде жасалганына көңүлдөрдү бурду.
Эрдоган: «Бул кол салуулар Нетаньяху өкмөтүнүн мыйзамсыз менталитетин ачыкка чыгарды»,-деп, Израилдин «жоопкерчиликсиз жана агрессивдүү аракеттери» аймакты жана дүйнөнү кырсыкка түртүп жаткандыгын эскертти.
‘Коңшубуз Иранга жасалган бул жийиркеничтүү кол салууларды катуу айыптайбыз’
Эл аралык коомчулукту аракетке чакырган Эрдоган: "Дүйнөлүк коомчулук аймактык жана глобалдык туруктуулукту бузуп жаткан Израилдин аракеттерин токтотушу керек. Нетаньяху жана анын кыргын тобунун аймакты отко салган кол салуулары дароо токтотулушу керек", - деди.
Жакынкы Чыгышта абадын дагы да күч алышына каршы Түркиянын позициясын кайталаган Эрдоган : “Дагы бир жолу Жакынкы Чыгышта дагы көп кандын төгүлүшүн, кыйроо жана кагылышууну көрүүнү каалабаганныбызды жарыялайбыз”,- деди.
Эрдоган сөзүнүн акырында Иран менен тилектештигин билдирип : “Түркия катары коңшубуз Иранга жасалган бул жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптап, дос жана бир тууган Иран калкына көңүл айтып, каза болгондорго Аллахтан ырайым, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз”,- деди.