ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Бангладеш АКШнын 35 пайыздык бажы салыгынан кийин келишим түзүүгө аракет кылууда
Бангладеш кийим экспортуна карата АКШ тарифтеринин кескин өсүшүн алдына алуу үүчн аракет кылууда. Вашингтон салыктарды түшүрсө да Дакканын соода байланыштарын калыбына келтирүү жана миллиондогон жумуш орундарын коргоо үчүн кысым күчөп жатат.
Бангладеш АКШнын 35 пайыздык бажы салыгынан кийин келишим түзүүгө аракет кылууда
/ Reuters
11 саат мурун

Өлкөнүн жогорку мартабалуу соода боюнча жооптуусу шейшемби күнү AFP агенттигине берген маегинде дүйнөдөгү экинчи ири даяр кийим өндүрүүчүсү болгон Бангладештин АКШнын президенти Дональд Трамп киргизүүнү пландаштырган 35 пайыздык бажы салыгын азайтуу тууралуу үмүттүү экендигин билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү апрель айында жарыялаган бажы салыгынын өсүшүнө бир аз өзгөртүү киргизип, Бангладештин текстил жана даяр кийим импортунун өлчөмүн 37 пайыздан 35 пайызга чейин төмөндөттү. Бул көрсөткүч жогору көрсөткүч болгонуна карабастан өнөр жай лидерлери буга кыйынчылыкты бир аз жеңилдетүү катары карашууда.

"Биз соода тарифтери кыскарат деген үмүттөбүз", - деп билдирди Бангладештин соода министри Махбубур Рахман. АКШнын Соода өкүлчүлүгү (USTR) жаңы долбоорду карап чыгуу үчүн жөнөткөнүн тастыктады. Ал кошумчалагандай: "Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчибиз жана соода боюнча кеңешчибиз азыр Вашингтондо бул маселенин үстүндө иштеп жатышат".

“Биз тарифтин азайышына үмүттөнүп жатабыз”, – деди Соода катчысы Махбубур Рахман, АКШнын Соода өкүлчүлүгү (USTR) жаңы долбоорду карап чыгуу үчүн жөнөткөнүн тастыктап. “Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчибиз жана соода боюнча кеңешчибиз азыркы учурда Вашингтондо бул тууралуу иштеп жатышат”, – деп кошумчалады.

Даяр кийим тармагынын тынчсыздануулары

Бангладеш 2024 - жылы АКШга кийим - кече болгон 8, 36 миллиард долларлык экспорт жасап ипорт болсо 2,21 миллиард доллар болгон. Президент Трамп бул соода теңсиздигин тарифтерди эки эсе жогорулатууга негиз катары көрсөтүп келет. Учурда пахта продукцияларына 16 пайыздык тариф колдонулууда.

Сунушталган салыктар өткөн жылдагы студенттердин жетекчилигиндеги төңкөрүштөн кийин калыбына келүүгө аракет кылып жаткан секторду солкулдатып, убактылуу премьер-министр Мухаммед Юнустун бул маселени түздөн-түз АКШнын жетекчилери менен күн тартибине алып келиши күтүлүүдө.

“Бул даяр кийим тармагы үчүн чоң сыноо. Биз 10-20 пайызга жакын тарифти күтүп жатабыз”,- деди Бангладеш даяр кийим өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар ассоциациясынын (BGMEA) президенти Махмуд Хасан Хан.

Экономикалык кесепеттер

Fruit of the Loom, Levi Strauss жана VF Corp (Vans, Timberland жана The North Face брендерине ээ) сыяктуу ири америкалык бренддер Бангладештик жеткирүүчүлөрүнө көз каранды. Сетордун өкүлдөрү тарифтердин жогорулашынын Бангладештин дүйнөлүк рынокто атаандаштык күчүн азайтып, жумуш орундарын кыскартууга алып келишинен кооптонушууда.

BGMEAнын мурдагы директору Мохиуддин Рубел бул кесепеттер олуттуу болушу мүмкүн экенин эскертип :“Жаңы тарифтер АКШнын Бангладештин негизги экспорттук рыногу болушунан улам жумуш орундарын жоготуу коркунучун күчөтүүдө. Бангладеш АКШнын импортчулары менен сүйлөшүүлөрдү жандандырып, жогорку деңгээлдеги соода сүйлөшүүлөрүн баштап, өз продукцияларынын маанилүүлүгүн көрсөтүү аркылуу тез аракеттениши керек”,- деп кошумчалады.

Соода чыңалууларын жеңилдетүү максатында Дакка Boeing учактарын сатып алууну жана АКШдан буудай, пахта жана мунай импортун көбөйтүүнү сунуштады.

Трамптын администрациясы тарабынан белгиленген 1-август акыркы мөөнөтү жакындап келе жаткандыктан, экспортко багытталган Бангладеш экономикасы Вашингтонго бурулду.Ддипломатия жана соода карым - катнаштарын, дүйнөнүн эң ири даяр кийим өндүрүүчүсүнүн бири болгон Балнгалеш калкынын оор сокку алуусуна токоол болот деген үмүт бар.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us