Непалдын жаңы лидери жекшемби күнү кызматка киришип жатып, нааразычылык акциясына чыккан элдин "коррупцияны токтотуу" талабы боюнча иш алып барарын убада кылды. Бул анын мурунку премьер-министрди кызматтан кетирген "Z мууну" жаштарынын демонстрацияларынан кийин болду.
«Биз Z муунунун ой-пикирине ылайык иш алып барышыбыз керек», – деди Сушила Карки, жума күнү кызматка киришкенден кийин алгачкы жолу эл алдына чыгып сүйлөгөндө.
«Бул топтун талабы – коррупцияны токтотуу, жакшы башкаруу жана экономикалык теңдик», – деп , «Сиз жана мен бул талаптарды аткарууга чечкиндүү болушубуз керек»,-деп кошумчалады ал.
73 жаштагы мурдагы башкы сот жекшемби күнү баш аламандыктарда каза болгондорду эскерип, бир мүнөттүк унчукпай туруу менен ишин баштады. Андан кийин ал өкмөттүн негизги комплекси болгон Сингха Дурбарда жолугушууларды өткөрдү. Бул жерде шейшемби күнү массалык нааразычылык акциялары учурунда бир нече имарат өрттөлгөн.
Эки күндүк нааразычылык акцияларында кеминде 72 адам каза болуп, 191 адам жаракат алганын өкмөттүн башкы катчысы Эак Нараян Арьял жекшемби күнү билдирди. Бул мурдагы 51 адам каза болду деген маалыматты жаңыртты.
Бул окуя 2008-жылы он жылдык жарандык согуштун аякташы жана монархиянын жоюлушунан берки эң чоң баш аламандык болду.