Түркиянын көп катмарлуу “Болот купол” абадан коргонуу системасы толугу менен жергиликтүү өндүрүштөгү платформалардан жана интеграцияланган долбоорлоо стратегиясынан курулган. Бул система синхрондоштурулган операцияларды жана чечим кабыл алуу процессин колдоо үчүн жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуу менен иштейт.
Түркиянын Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын (SSB) башчысы Халук Гөргүн “Болот купол” системасы узак аралыктагы жана жакын аралыктагы коркунучтарды аныктап, аларга каршы туруу үчүн катмарлуу коргонуу ыкмасын колдонуп, бирдиктүү көзөмөлдү сактоо менен иштелип чыкканын билдирди. Ал бул тууралуу SAHA Стамбул коргонуу кластеринин уюштурган иш-чарасында сүйлөдү.
Гөргүн системанын курамына “Сипер”, “Хисар A+” жана” O+”, “Коркут” жана “Сунгур” сыяктуу компоненттер кирерин, алар бирдиктүү команда жана башкаруу архитектурасынын негизинде иштей турганын айтты. Бул архитектура радарларды, электро-оптикалык сенсорлорду, сигнал тоскучтарды жана лазердик системаларды бирдиктүү структурага интеграциялайт.
“Болот куполдун” команда жана башкаруу архитектурасы жасалма интеллект менен камсыздалган, бул эң ылайыктуу кийлигишүү сценарийлерин иштеп чыгууга жана тиешелүү бөлүктөргө жеткирүүгө шарт түзөт.
“Чечим кабыл алуу механизмине жасалма интеллекттин колдоосу ылдамдык жана тактык жагынан, адам чечимдери менен катар, негизги роль ойнойт”, – деди ал.
Гөргүн:“Эгерде биз “Болот куполду” түзгөн бул системаларды сатып алган болсок, мындай деңгээлдеги өз ара иштешүү чоң инженердик көйгөй болмок”,-деди.
Гөргүн SSB алтынчы муундагы согуштук чөйрө үчүн иштелип чыккан сенсордук интеграция концепциясын да иштеп чыгып жатканын кошумчалады. Бул концепция адам башкарган жана учкучсуз платформалардын бирдиктүү иштешин камсыз кылат. Алардын арасында “Кызыэлма”, “Анка-3”учкучсуз учуучу аппараттары, “Хуржет” жана “Каан” согуштук учагы болот.
Ал Түркиянын коргоо өнөр жайынын экспортунун жарымынан көбү НАТО жана ЕБ өлкөлөрүнө багытталганын жана НАТО-Түркия коргонуу мамилелерин башкаруу үчүн катчылыктын ичинде атайын башкармалык түзүлгөнүн белгиледи.