Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Ламми бир жуманын ичинде блокададагы Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине жетишилбесе, Израилге каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Шейшемби күнү Общиналар палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинде сөз сүйлөгөн Ламми, эгерде Газадагы гуманитардык кырдаал начарлай берсе, өкмөт Израилге каршы чараларды күчөтөрүн айтты.
Лейборист депутат Алекс Баллингер: «Алдыдагы апталарда биз баарыбыз тилеп жаткан ок атышпоого жетишилбесе... өкмөт Израилге каршы чараларды күчөтөбү?» деп сураганда, Ламми: «Ооба, күчөтөбүз» деп жооп берди.
Ламминин бул билдирүүсү өткөн айда Британия, Австралия, Канада, Жаңы Зеландия жана Норвегия тарабынан Израилдин министрлери Итамар Бен-Гвир жана Безалель Смотричке каршы координацияланган санкцияларынан кийин айтылды. Бул санкциялар Лондон Газадагы “адам укуктарын одоно бузуу” деп мүнөздөгөн аракеттерине байланыштуу киргизилген. Санкциялар саякатка тыюу салуу жана активдерди тоңдурууну камтыган.
Улуу Британиянын, Эмгек партиясынын жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн жана профсоюздардын кысымына карабастан Ламми Палестина мамлекетин расмий таануу үчүн конкреттүү мөөнөт берүүдөн баш тартты.
"Сүйлөшүү процессинин сезимталдыгынан улам графикке такалып калбайм" деген Ламми, таануу олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келер-келбесин баалоо зарылдыгын баса белгиледи.
Ламми Ирландия, Испания жана Норвегия сыяктуу өлкөлөр Палестинаны тааныганына карабастан “Биз Батыш Шериадагы аннексиянын улантылганын көрүп жатабыз,” – деп билдирип, таануунун тынчтык аракеттерин алдыга жылдырбаганын айтты.
Израилдин Газадагы кыргыны
2023-жылдын 7-октябрынан бери Израиль Газада көбү аялдар жана балдардан турган 57,500дөн ашуун палестиналыктарды өлтүрдү.
Палестинанын расмий WAFA кабар агенттигинин маалыматына ылайык, болжол менен 11,000 палестиналык кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астында калган деп болжолдонууда.
Бирок адистер Газадагы өлүм көрсөткүчтөрү чыныгы санга караганда кыйла көп жана 200,000ге жетиши мүмкүн экенин айтышууда.
Израиль геноцид процессинде курчоодогу аймактын көпчүлүк бөлүгүн кыйратып, калктын дээрлик баарын көчүрүүгө мажбур кылды.
Ошондой эле, өтө зарыл болгон гуманитардык жардамдын киришине бөгөт коюп, БУУнун жардам иштерин активсиз кылуу үчүн түзүлгөн жана “өлүм капканы” деп сыпатталган АКШ колдогон талаштуу жардам тобуна гана уруксат берди.