Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) маалыматтарына таянуу менен Эл аралык миграция уюму (IOM) Газадагы үйлөрдүн 90 пайыздан көбүнүн кыйраганын же зыянга учураганын жарыялады. Израилдин Газадагы согушу, палестиналык жай тургундарды тереңирээк гуманитардык кризиске түртүп жатат.
«Коопсуз жер жок болгондуктан үй-бүлөлөр кооптуу урандыларда баш калкалоого аргасыз болушууда», – деп агенттик шаршемби күнү X платформасында жазды жана Израилге мындай чакырык жасады: «IOMдун баш калкалоочу жай жардамы даяр – кирүү пункттары ДАРОО ачылышы керек».
Израиль 2-марттан бери Газага кирүү пункттарын жаап, согуштан кыйраган аймакка зарыл болгон азык-түлүк жана башка керектүү каражаттардын киришине тоскоол болууда.
19-январда түзүлгөн ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишимин бир тараптуу бузган Израиль 18-мартта Газага чабуулун кайра баштаган.
Израиль ушул убакка чейин 51 миң 300дөн ашуун палестиналыкты, көбү аялдар менен балдарды өлтүрдү. Кийинчерээк бул сан 62 миңге чейин жаңыланды.
Тель-Авив Газанын көпчүлүк бөлүгүн урандыга айлантып, блокададагы аймактын дээрлик бардык калкын жер которууга мажбур кылды.
Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана анын мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн камакка алуу ордерлерин чыгарган.
Мындан тышкары, Израиль Газадагы согушу үчүн Эл аралык адилет сотунда да геноцид боюнча айыпталууда.