Израилдин чабуулу "хирургиялык бөлүмгө олуттуу зыян келтирип, эки адамдын өмүрүн алганын жана сегиз кишини жарадар кылганын" айткан Тедрос Гебреисус дүйшөмбү күнү X платформасынан жарыялаган билдирүүсүндө, ансыз да оор жүктүн астындагы саламаттыкты сактоо системасынын дагы да начарлаганын баса белгиледи.
"Саламаттыкты сактоо кызматтары бута эмес, алар корголушу зарыл жана аскердик максатта колдонулбашы керек" деген Гебреисус, ДССУнун "туткундарды бошотуу жана ок атышпоо режимин калыбына келтирүү" чакырыгын кайталады.
Жекшемби түнү Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги да, Израиль армиясынын Газанын түштүгүндөгү оорукананы бомбалоосунан кеминде эки палестиналык каза болуп, бир нече адамдын жаракат алганын кабарлады.
Министрлик кол салуунун хирургиялык бөлүмдү бутага алганын белгилеп, каза болгондордун бири 16 жашта, экинчисинин аты-жөнү айтылбаган палестиналык экенин билдирди. Жаракат алгандардын арасында бейтаптар жана медицина кызматкерлери да бар.
Январь айында күчүнө кирген ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу келишимине карабастан 18-мартта Израиль армиясы Газага күтүүсүз абадан сокку уруп, андан бери кеминде 730 киши каза тапты, 1200дөй киши жаракат алды.