ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамын белгиледи
1919-жылы 19-майда Мустафа Кемал Ататүрк Стамбулдан Кара деңиз шаары Самсунга келди жана ал жерден төрт жылдан кийин Түркияны заманбап мамлекетке айландырган согушту баштады.
Түркия Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамын белгиледи
"We work with all our might to fulfil our promise to leave our youth a peaceful and serene, high-tech, and prosperous country," President Erdogan said, adding that the government would continue to support youth who strive to achieve their goals and elevate Türkiye's civilizational heritage. / TRT World and Agencies
10 саат мурун

Мустафа Кемал Ататүрктүн 1919-жылы 19-майда Самсунга келип  боштондук согушун баштоосунун 106 жылдыгына карата 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынын алкагында Түркиянын бардык жеринде түрдүү иш-чаралар уюштурулду.

Дүйшөмбү күнү эртең менен өлкө боюнча элдер улуу жол башчыга таазим кылуу үчүн чогулушту. Президент Режеп Таййип Эрдоган бул тарыхый күндө жаштарга күч берүүнүн маанисине басым жасады. 

Эрдоган Түркиянын жаштарга илимден искусствого, спорттон айыл чарбага, дипломатиядан өзөктүк технологияларга чейин ар тармакта өз дараметтерин ачуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаганын жана алар менен кол кармашып, ийиндеше баса турганын айтты.

Баш калаа Анкарадагы Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи болгон Аныткабирге миңдеген киши зыярат кылды.

Салтанат бир мүнөт унчукпай туруу жана улуттук гимн менен башталды. Аземге өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаш өкүлдөр менен бирге Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак баштаган делегация катышты.

Осман Бак «Аныткабир» атайын китебине төмөнкү сөздөрдү жазды: «106 жыл мурда Самсунда тутанткан эгемендүүлүк шамдары бүгүн ушул жерлерде биримдик, тынчтык жана үмүт катары жашап жатат». 

Өлкөнүн келечегин түзүү

Ататүрк 1919-жылы 16-майда Стамбулдан Бандырма парому менен жөнөгөн. Үч күндөн кийин, 19-майда Самсундагы Дил (Режи) пристанына жетти. Бул дата Түркиянын боштондук согушунун башталышы деп эсептелет.

Ошол убакта Мустафа Кемал баскынчы союздаш күчтөрүнүн кысымы астында болгон Осмон өкмөтү тарабынан Стамбулдагы Осмон аскерлеринин инспектору болуп дайындалган.

Бирок Ататүрк расмий милдетин аткаруунун ордуна, чет элдик баскынчылыкты токтотуу жана Анадолунун келечегин өзгөртүү үчүн улуттук кыймылды баштады. 

Бул кадам төрт жылга созулган согушка алып келип, жыйынтыгында 1923-жылы Түркия Республикасы түзүлгөн.

Ататүрк 1938-жылы 19-майды Жаштар жана спорт күнү деп жарыялап, өлкөнүн келечегин түзүүдө жаштардын ролунун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча эскерүү иш-чаралары бул маанини чагылдырат.

Самсунда Түркиянын деңиз күчтөрүнүн аскердик кемеси «TCG Anadolu» ар бир облустан 81 жаш өкүлдү жана аскердик мектеп окуучуларын ташып, баштапкы сапарын символикалык түрдө кайрадан ишке ашырды. 

Бандырма паром музейи оригиналдуу кеменин көчүрмөсүн жана Ататүрктүн жээкке чыккан учурун белгилеген саат 08:00дө токтогон саатты көрсөтүү менен көптөгөн элди өзүнө тартты.

Кападокияда Түркиянын желектери жана Ататүрктүн сүрөттөрү менен кооздолгон ысык аба шарлары учту.

Текирдагда мотоциклчилер эскерүү жүрүшкө катышты. Орду жана Анталья сыяктуу жээк шаарларында суучулдар бул өзгөчө күндү майрамдоо үчүн желектерди суу астында көтөрүп жүрүштү.

Президент Эрдоган: «Жаштарыбызга бейпил жана жогорку технологиялар менен жабдылган гүлдөп өнүккөн өлкө калтырабыз деген убадабызды аткаруу үчүн болгон күчүбүз менен аракет кылып жатабыз»,-деди. Ал өз максаттарына жетүү жана Түркиянын цивилизациялык мурасын даңазалоо үчүн аракет кылган жаштарга колдоо көрсөтүүнү уланта турганын кошумчалады.

 

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us