Орусия менен Казакстан атомдук электр станциясын Казакстанда куруу боюнча макулдашууга жетишип, тиешелүү документтерге кол коюшту.
Келишимге Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башчысы Алексей Лихачев менен Казакстандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин жетекчиси Алмасадам Саткалиев Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форум учурунда өткөрүлгөн аземде кол коюшканын РИА Новости агенттиги кабарлады.
Казакстан буга чейин өлкөдө чоң кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын куруу милдетин алган эл аралык консорциумдун лидери катары «Росатомду» тандаган.
Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр ноябрда Казакстанга иш сапары менен барып, энергетика жана өнөр жай тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулаган. Казакстан мунайдын басымдуу бөлүгүн Орусия аркылуу экспорттосо да, альтернативдүү жолдорду издеп жатат.
Өткөн жылдын октябрь айында Казакстан өзүнүн биринчи ядролук электр станциясын куруу чечимин колдоп добуш берген. Президент Касым-Жомарт Токаевдин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бул план айрым казакстандыктардын сынына кабылган.