Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган шейшемби күнү Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Жакынкы Чыгыш аймагы үчүн эң чоң коркунуч экенин айтты.
Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Эрдоган сүйлөшүүдө "зордук-зомбулуктун айлампасынан чыгуу үчүн аракеттерин улантарын жана Нетаньяхунун аймактын коопсуздугу үчүн эң чоң коркунуч экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн" баса белгиледи.
Сүйлөшүүдө эки лидер Израиль менен Ирандын ортосунда уланып жаткан кагылышууларды, эки тараптуу мамилелерди жана аймактык жагдайларды талкуулашты.
Эрдоган Израилдин Иранга кол салуулары менен башталган кризиске байланыштуу Түркиянын тыгыз дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.
Ошондой эле Израилдин кол салууларынын Газадагы гуманитардык кризис жана геноцидге көлөкө түшүрбөшү керектигин, бул жагдайдын Сирияга жайылышына жол берилбеши керектигин да кошумчалады.