Түркия террор менен күрөшүүдө маанилүү босогого киргенде, бул жаңы процесс саясий консенсус жана улуттук биримдик күчөгөн атмосферада өтүүдө.
АК Партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик дүйшөмбү күнү X эсебинде жасаган билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын «жогорку саясий эрктүү жана процесстин координаттарын мамлекеттик саясат катары чийген камтуучу» жана ачык мамилесинин бул жаңы мезгилдин калыптанышына таасирдүү болгонун айтты.
Челик, Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) төрагасы Девлет Бахчелинин тарыхый чакырыгы, акыркы окуяларга карата чечкиндүү позициясы жана жол көрсөтүүчү ролу өлкөнүн ички биримдигин бекемдегенин белгилеп, бул процессти «ички фронтту» ар тараптуу бекемдеген кадам катары баалады.
АК партиянын басма сөз катчысы, акыркы мезгилдеги таасирдүү жана мазмундуу партиялар аралык диалогдун демократиялык саясаттын жоопкерчиликти өзүнө алууга жана конкреттүү демилгелерди чыгаруусуна шарт түзгөнүн баса белгиледи. Ал бул процесс көйгөйлөрдү чечүүнүн «мыйзамдуу дареги» катары саясаттын функциясын кайра жүктөдү деп билдирди.
PKK terror group's ringleader Ocalan calls for all groups to lay down their arms and for the PKK to dissolve itself.
«Террорсуз Түркия»
Челик, Имралы аралынан жасалган акыркы билдирүүгө токтолуп, ПККнын куралын таштоо жана өзүн жоюу чечиминин «Террорсуз Түркия» максатында маанилүү бурулуш болгонун айтты. Бул чечим толук ишке ашса, өлкө үчүн таптакыр жаңы доордун эшигин ачышы мүмкүн деп билдирди.
Бирок Челик бул чечимдин бардык жагынан реалдуу түрдө ишке ашырылышы керектигин баса белгиледи. «Өзүн жоюу» жана куралдарды тапшыруу чечиминин ПККнын бардык бутактары жана уландылары менен мыйзамсыз түзүмдөрүн камтый тургандай конкреттүү жана толугу менен ишке ашырылышынын маанилүү учур болоорун баалады.
Челик бул процесстин талаада мамлекеттик мекемелер тарабынан кылдаттык менен көзөмөлдөнөрүн, прогресстин президент Эрдоганга үзгүлтүксүз билдирилерин жана кеңири текшерүү жүргүзүлө турганын белгиледи.
Бул чечимдин «ичкериде» да, «тышкарыда» да ишке ашырылышынын маанисине көңүл бурган Челик, эгер туура ишке ашырылса, көптөн бери террордук уюмдарды прокси катары колдонгон империалисттик стратегиялардын алдын алууга жардам берерин айтты.

Turkish Foreign Minister Hakan Fidan says Iraq also treats the PKK as an outlawed group, as both countries align on counterterrorism and stability following a high-level security meeting in ADF2025.
Биримдик жана улуттук иденттүүлүк
Челик, «Террорсуз Түркия» көз карашынын ишке ашуусу коопсуздук саясаттарында жаңы баракты гана ачпастан, саясий системалар тереңдеген кыйынчылыктарга туш болуп турган учурда өлкөнүн демократиялык каналдарын да жандандыра турганын айтты. Түркиянын демократиясынын, саясий түзүлүшүнүн жана улуттук тилектештигинин күчтөнөрүн айтты.
«Саясий диалог каналдарынын саясаттын бардык мыйзамдуу даректеринде, өзгөчө Түркия Улуу Улуттук Жыйынында эң күчтүү түрдө иштешин камсыздайт»,- деп айткан Челик: «Республикабыздын баарыбыздын чатырыбыз экенин түшүнүү жана демократиябыздын ар кандай маселелерди чечүүнүн негизги пайдубалы экенин түшүнүү күчтөнөт жана саясий жактан тамырлайт»,-деп кошумчалады.
Челик, келечегибиздин «тарыхый жактан, тагдырлаштык жагынан жана атуул болуу аң-сезими менен» бекем жана мыйзамдуу негизде калыптана берерин белгилеп: «Ар бир позитивдүү этап жаңы оң баскычка чакыруу болот»,-деди.
Челик, «Террорсуз Түркия» максатынын бардык жагынан ишке ашырылышы керектигин кайталап, бул максатка жетүүнүн маанисин «Бардык маданий, этникалык жана секталык элементтери менен бүт жарандарыбыздын жеңиши»,-деп мүнөздөдү.
Сөзүн биримдик жана улуттук өзгөчөлүк билдирүүсү менен жыйынтыктаган Челик: «Атыбыз башка болсо да, орток фамилиябыз Түркия Республикасы»,-деди.
Челик түрк мамлекетинин негизги принциптери же элинин баалуулуктары тууралуу талкууга орун жок экенин баса белгиледи. «Бул баалуулуктарга зыян келтире турган эч кандай кадам жөнүндө сөз болбойт жана болушу да мүмкүн эмес»,-деди ал.
«Террорсуз Түркия» көз карашын президент Эрдогандын «Түркия кылымы» көз карашынын эң маанилүү стратегиялык динамикаларынан бири катары мүнөздөгөн Челик: «Улутубуз тынч болсун, Түркия Республикасы күн тартибин көзөмөлдөп турат»,-деп баса белгиледи.

The movie Aybuke: I Became a Teacher, to be released on November 24 as tribute on Teachers' Day, captures the life and tragic fate of Senay Aybuke Yalcin, a young teacher murdered by the PKK terrorist organisation in 2017.
Террордук уюм өзүн жойду
Түркия тарабынан көптөн бери негизги коопсуздук коркунучу катары көрүнгөн ПКК өзүн жоюп, куралдарын таштаганын жарыялады.
Түркия, Европа Биримдиги, АКШ, НАТО жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү тарабынан террордук уюм катары таанылган ПКК 40 жылдан ашуун убакыттан бери он миңдеген балдардын, аялдардын жана эркектердин өлүмүнө жооптуу.
5-7-май күндөрүнүн аралыгында Түндүк Иракта өткөрүлгөн конгресстен кийин ондогон жылдардан бери кан төгүп, зордук-зомбулук көрсөткөн террордук уюм ПКК өзүн жоюп, куралын таштаганын жарыялады.
Түрк өкмөтү көптөн бери ПККны жана ага караштуу топторду улуттук коопсуздукка жана аймактык стабилдүүлүккө негизги коркунуч катары карап келет.
Анкара эч бир террордук уюмдун Түркиянын чек араларында же анын айланасында орду жок экенин жана алгылыктуу жыйынтыктын эч кандай шартсыз куралсыздануу жана токтотуу аркылуу террордук иш-аракеттерди толугу менен жок кылуу экенин көп жолу билдирген.
Бул жылыш террор менен күрөшүүдө бурулуш чекити катары каралса да, Түркия этияттык менен аракетин улантууда. Анткени бийлик чыныгы сыноо иш жүзүндө болооорун айтып; куралдуу аракеттерди биротоло токтотуунун жана террористтик инфраструктураны текшерүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Türkiye's efforts to stamp out YPG/PKK terrorists continue to intensify, driven by a strategic imperative that transcends its borders and resonates across the region.