ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ажыга баруучу бир ливиялыктын учакка оутуурусуна уруксат берилген жок, учак эки жолу бузулду
Адаттан тыш окуялар чынжырында Сауд Арабияга барган ажылык учагынын ливиялык бир жаш адамдын учакка отурушуна уруксат берилген жок, учак эки жолу кайтып келүүгө аргасыз болду.
Ажыга баруучу бир ливиялыктын учакка оутуурусуна уруксат берилген жок, учак эки жолу бузулду
/ x
28 Май 2025

Көптөр бул окуяны кудайдын кийлигишүүсү деп мүнөздөшүүдө.

Ливиялык Амер Аль Мансур Каддафи Сауд Аравиясына ажылыкка бара жаткан ондогон башка зыяратчылар менен учакка түшмөк.

Бирок акыркы мүнөттө аны Ливиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Себха эл аралык аэропортунда миграция кызматкерлери тарабынан токтотулду. Фамилиясы Каддафи, Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Гаддафинин атына окшош болгондуктан системада белгиленип калган.

Анын көп жолу суранганына карабастан, учак учуп кетти.

Үй-бүлөсү жана аэропорт кызматкерлери абалды кабыл алып кетүүсү керектигин айтса да артка кадам таштаган жок.

Gulf News агенттигинин кабарына караганда : "Ажылык сапарга чыкмайынча бул жерден кетпейм", - деди Каддафи.

Тагдырдын кийлигишүүсү

Учак учкандан көп өтпөй тагдыр арага кирди.

Жергиликтүү медианын билдиргенине караганда учак кондиционер системасынын бузулушунан улам, учак аэропортко кайтууга аргасыз болду.

Учак конгондо авиакомпаниянын кызматкерлери Каддафинин учакка отуруусу үчүн учкуч менен эшикти ачуу тууралуу сүйлөштү.

Бирок пилот кыймылдаткычтар иштеп жаткандыктан, логистикалык кыйынчылыктарды негиз катары көрсөтүп муну четке какты.

‘Мен ансыз учпайм’

Күтүүсүздөн учак экинчи жолу мүчүлүштүккө учурап, кайрадан шашылыш конууга аргасыз болду.

Arynews андан кийин учактын капитаны: “Ант берем, эгерде Амир биз менен бул учакта болбосо, кайра учпайм”, - деп жарыялагандыгын билдирди.

Жүргүнчүлөрдүн кол чабуулары жана кубаттоолору менен Каддафи акыры учакка отурууга уруксат алды. Бул учур видеого тартылып, социалдык тармактарда кеңири тарады.

Каддафи кийинчерээк жергиликтүү маалымат каражаттарына: «Мен жөн гана ажылыкка баргым келди”,- деп билдирди.

«Эгер бул мен үчүн жазылган болсо, ага эч кандай күч тоскоол боло албайт», - деди ал.

Жыл сайын миңдеген мусулмандар ажылык сапарга чыгышат.

Ажылык – мусулмандар үчүн өмүрүндө жок дегенде бир жолу аткарылышы керек болгон диний милдет. Бул сапарды физикалык жана каржылык жактан мүмкүнчүлүгү барлар гана аткара алышат. Мусулмандар бул ыйык сапарды Алланын тандоосу менен чакыруу деп эсептешет.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us