ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Дрондор Порт Суданды алтынчы күнү да аткылады
Порт-Судан өлкөнүн негизги жардам кирүүчү жери, кол салууга учурады. БУУ бул абалдын гуманитардык муктаждыктарды күчөтүп, жардам көрсөтүү иштерин татаалдаштыруу коркунучу бар экени боюнча эскертти.
Дрондор Порт Суданды алтынчы күнү да аткылады
/ AA
9 Май 2025

Армиянын булагы жума күнү Порт-Суданга катары менен алтынчы күн дрондор менен кол салгандыгын билдирип, 2023 -  жылдын апрель айынан бери иреттүү түрдө армия менен согушкан Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жооптуу экендигин айтты.

«Шаарлардагы айрым  буталарды аткан душман дрондорунун бир бөлүгү абадан коргонуу системаларыбыздын тоскоолдугуна учурады»,- деген булак атын билдирбөө шарты менен маалымат берди.

Күбөлөр армия колдогон өкмөт жана өлкөнүн негизги жардам борбору жайгашкан Порт-Суданда кол салуулардын болгонун кабарлашты.

Армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн арасындагы кыйратуучу кагылышуудан алыс коопсуз баш калкалоочу жер катары көрүлгөн порт шаар жекшемби күндөн бери күн сайын дрон менен жасалган кол салууларга дуушар болууда.

Негизги объектилер жабыркады

Узак аралыктан жасалган соккулар бир нече негизги объектилерди, өлкөдөгү жалгыз эл аралык аэропортту,  иштеп жаткан эң ири күйүүчү май кампасын жана шаардын башкы электр станциясын зыянга учуратты.

Суданга гуманитардык жардамдын негизги кирүү чекити болгон порт шаарына жасалган бул кол салуулар БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин өкүлүнүн айтымында, "гуманитардык муктаждыктарды көбөйтүү жана өлкөдөгү жардам операцияларын ого бетер татаалдаштыруу коркунучун жаратат".

Эки жылды ашык убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышууларда он миңдеген киши каза болуп,  13 миллион киши жер которду. Бириккен Улуттар Уюму бул абалды дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис катары сыпаттоодо.

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us