ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Түркиянын тышкы иштер министри Иран жана АКШнын арасындагы туруктуу келишимдин зарылдыгын белгиледи
Хакан Фидан:«Учурда тынчтык мезгили. Бирок, бул тынчтыкты туруктуу кылуу үчүн келишим түзүү керек», - деди
Түркиянын тышкы иштер министри Иран жана АКШнын арасындагы туруктуу келишимдин зарылдыгын белгиледи
/ Reuters
3 саат мурун

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Иран менен АКШнын ортосунда келишим түзүүнүн зарылдыгын белгиледи. Фидан эки тарап тең аба соккулары жана чыңалуунун күчөшүнөн кийин сүйлөшүүлөргө даяр экенин көрсөткөндүгүн айтты.

Израилдин Иранга жасаган чабуулдары менен башталган кагылышуулар тууралуу Фидан буларды айтты: “Белгилүү болгондой биз аймактагы бардык окуяларды жакындан көзөмөлдөп, көп учурда ортомчу катары аралышып келебиз. Анткени согуштардын чыкпашы жана учурдагы согуштардын токтошу биздин жана аймактын кызыкчылыгы үчүн пайдалуу”.

Фидан Газага карата чабуулдардын биринчи аптасында: “Иран менен Израилдин ортосунда согуштун жакындап жатканын” айтканын эске салып: “Израилдин Иранга чабуулу Иранды мыйзамдуу коргонуу абалына түрттү жана Израилдин Ирандын атомдук мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу боюнча күчтүү эмес экенин көрсөттү”,- деп кошумчалады.

Фидан Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун ички саясий кадамдары Израилдин тышкы саясатына да таасир эткенин белгиледи.

Фидан: "Дүйнө бул аймакта өз кызыкчылыктары үчүн отту тутандыруудан тартынбаган саясий менталитеттин бар экенин көрдү. Бул согуш 12 күндөн кийин убактылуу токтотулду, өзөктүк мүмкүнчүлүктөр жок кылынды деген божомол менен ок атышпоо келишими түзүлдү. Аймак ок атышпоо келишиминин бузулушу жана өз ара чабуулдардын кайра башталуу ыктмалына даяр болушу керек,” – деди.

‘Чоң чыгым’

Фидан согуштун эки өлкөгө эле эмес, аймакка да чоң чыгым алып келгенин баса белгилеп: “Билесиздер, эки өлкөнүн ортосунда 1000 чакырымдан ашык аралык бар жана чек ара жок. Ошондуктан бул чек араларды кесип өткөн жана башка өлкөлөрдү да камтыган согуш. Азырынча абал тынч, бирок муну туруктуу кылуу үчүн Иран менен АКШнын ортосунда келишим түзүлүшү керек”, – деди.

Фидан өзөктүк маселелердин Израиль менен Ирандын ортосундагы процесстин бир гана бөлүгү экенин, башка факторлордун да бар экенин айтты.

“АКШнын аскердик операциясынын натыйжасында Ирандагы өзөктүк объектилер олуттуу түрдө зыянга учурап, колдонууга жараксыз абалга келгени ачык”,- деген Фидан өзөктүк программанын көптөгөн компоненттери бар экенин жана объектилердин олуттуу зыянга учураганын белгилеп, бул программага “ачык жана олуттуу” сокку урулгандыгын айтты.

Фидан Израиль Иранга чабуул жасаган түнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиодон телефон келгендиги тууралуу суроого жооп берип: “Мындай сүйлөшүү болгон,” – деди.

Фидан АКШнын кийинчерээк ирандыктар менен байланышып: "Эгер кол салуу боло турган болсо, АКШнын тиешесинин болбой турганын ушул себептен АКШнын согушка аралашуусун каалабагандарын, ортомчу катары аракет кылып жатышканын" билдиргенин айтты.

Трамп менен Ирандын президенти Месуд Пезешкиан Түркияда жолугушат деген сөздөргө байланыштуу Фидан: “Президентиибздин лидерлигине болгон ишенимден улам эң жогорку деңгээлдеги сунуштар жана кырдаалдар талкууланды, бирок мен бул тууралуу комментарий бербеймин,” – деди.

‘Эч ким эч кимге ишенбейт’

Израилдин Иранга кол салууларынан кийин АКШ абалга кийлигишеби же жокпу жана Аракчинин 21-июнда Түркияда бул боюнча биринчи билдирүүсүн жасайбы же жокпу деген суроого Фидан: «Ишемби күнү ирандык кесиптешибиз менен сүйлөшкөндө америкалыктар согушта эмес болчу», - деп жооп берди.

Эртеси күнү ирандык кесиптешибиз менен сүйлөшкөнүбүздө, биздин негизги кеңешибиз, албетте, биринчи кезекте америкалыктардын ниетин түшүнүү болду. Бул толугу менен кыйратуучу согушпу же өзөктүк объектилер менен чектелгенби? Мындай караганда бул өзөктүк объектилер менен чектелген экен.

Бул мурда да болгондой Ирандын стратегиясынын бир бөлүгү. Жолугушууда ал мындай билдирүү жасады: ‘Эгер бул чектелген аракет ушул бойдон калса, биздин бере турган жообуз да чектелүү болот.’

“Бул маанилүү билдирүү болду. Биз бул билдирүүнү жеткирдик. Албетте, Иран муну өз ичинде талкуулады жана бир чечимге келишти. Андан кийин Трамп өзүнүн социалдык медиадагы билдирүүсүндө белгилегендей өз ара байланышуу жана келишим жолу менен “Сен менин жерие ок атсаң мен сага ок атам бирок өзүмдү бул жер менен чектеймин” деген маселеге айланды.

Ирандын өзөктүк ресурстарына карата добуш берүүнүн натыйжасында бир нече жыл мурда санкциялардын киргизилгенин белгилеген Фидан: “Дагы бир тең салмактуулук бар: беш туруктуу мүчө өзөктүк куралдарга ээ өлкөлөр жана азыркы шартта алар эч бир темада келише алышпайт.

Бирок алтынчы өлкөнүн өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө боюнча бирдей пикирде. Бирок бул санды төрт, үчкө же экиге азайтуу боюнча эч кандай аракет жок. Анткени, натыйжада эч ким эч кимге ишенбейт,” – деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us