Папуа - Жаңы Гвинеяда полиомиелит эпидемиясы жарыяланды, бул өлкөдө эмдөө деңгээлинин төмөндүгүнөн улам оорунун жайылып кетүү коркунучун жаратып жаткандыгын билдиришти саламаттыкты сактоо боюнча жетекчилер.
Полиовирус негизинен саркынды жана булганган суу аркылуу жугат, жугуштуу жана өлүмгө алып келген оору.
Бул вирус майыптыкка жана шал оорусуна алып келиши мүмкүн жана көбүнчө беш жашка чейинки балдарды жабыркатат.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, вирус Тынч океан өлкөсүнүн борбор шаары Порт-Морсби жана экинчи чоң шаары Лаэде саркынды суулардан жана экологиялык үлгүлөрдөн табылган.
“Кийинки тестирлөөдө Лаэ шаарындагы эки балада полиовирустун 2-тип штаммы аныкталды”,- деп билдирди Папуа-Жаңы Гвинеядагы ДССУнун өкүлү Севил Гусейнова.
Гусейнова балдарга коомдук жайларда жукканын ырастоо "полиомиелит эпидемиясын жараткандыгын” айтты.
Саламаттыкты сактоо уюму "эпидемиядан улам терең тынчсыздануусун" билдирди, деди.
Генетикалык тесттер Папуа - Жаңы Гвинеяда аныкталган полиомиелит штаммы Индонезиядагы штамм менен байланышы бар экендигин көрсөттү.
Папуа - Жаңы Гвинея 2000-жылы полиомиелиттен таза деп тастыкталган, бирок ДССУнун маалыматы боюнча балдар арасында эмдөө көрсөткүчтөрү төмөн — 50 пайыздан аз.
«Полиомиелит – өтө жугуштуу оору жана полиомиелитке каршы эмдөө аз болгон коомдордо вирус бир адамдан экинчи адамга бат жугат», - деди Гусейнова.
Папуа-Жаңы Гвинеянын саламаттыкты сактоо министри Элиас Капаворе кырдаалды "олуттуу, бирок көзөмөлдөөгө болот" деп мүнөздөдү.
Папуа - Жаңы Гвинеянын саламаттыкты сактоо министри Элиас Капаворе : “Абал оор, бирок көзөмөлдөөгө болот. Биз буга чейин да ушундай абалга туш болгонбуз жана эмненин жардам берерин билебиз", - деди ал бейшемби күнү журналисттерге.
"Эмдөө коопсуз жана эффективдүү, балдарды коргоо үчүн ылдам аракет кылып жатабыз",- деп кошумчалады ал.