ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Осмон империясы мезгилинде чөккөн кеме  17 -  кылымдагы деңизчилик тарыхы тууралуу маалымат берет.
Датчанын түштүк-батыш жээгинде кыйраган Осмон империясынын «Кызлан» кемесинин казуу иштери  жүрүп жаткан учурда Осмон империясына таандык маанилүү буюмдар табылды.
Осмон империясы мезгилинде  чөккөн кеме  17 -  кылымдагы деңизчилик тарыхы тууралуу маалымат берет.
Датчадагы Осмон империясы мезгилинде чөккөн кеме / TRT Global
28 Февраль 2025

Датчанын түштүк-батыш жээгинде кыйраган Осмон империясынын «Кызлан» кемесинин казуу иштери  жүрүп жаткан учурда Осмон империясына таандык маанилүү буюмдар табылды. Бул табылгалар кеме чөккөн мезгилге жна деңизчилик тарыхына байланыштуу маанилүү маалыматтарды берүүдө.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда казуулар Докуз Ейлүл университетинин Суу астындагы изилдөөлөр борбору (SUDEMER) тарабынан Көгүлтүр мурас долбоорунун негизинде жүргүзүлүүдө.

Быйылкы казуулардан кеменин күбөлүгү жана чөккөн мезгилине байланыштуу абдан маанилүү табылгалар алынды. Казууларда янычарларга таандык  14 мылтык, 2500гө жакын  коргошун ок жана жарылган замбирек октору табылды. Бул абал кеменин бир согушка катышкандыгын көрсөтүүдө.

Өзгөчө Кытайда ислам базарлары үчүн өндүрүлгөндүгү болжолдолгон көк түстөгү фарфор идиштер, кеменин атайын бир миссияны же дипломатиялык миссияда болушу мүмкүн экендигин да ойлондурууда. Фарфорлордун таңгак түрүндө табылышы алардын белек экендигин билдирүүдө.

Экипаж жана аскерлерге таандык экендиги болжолдолгон жеке буюмдар да чыгарылды. Булардын арасында түтүктөр, жыгач тарактар, жез идиштер, кермикадан жасалган суу идиштери, банкалар орун алууда. Тунистин Жербе аймагына таандык керамикалардын болушу кеменин Түндүк Африкадан келиши мүмкүн экендигин ойлондурууда.

«Кызлан» кемеси түрк сууларында Янычар аскерлерин ташыган Осмон империясынын кемесинин калдыктарынын биринчи жолу табылышы жактан тарыхый мааниге ээ болууда.

Бардык калдыктар кеменин  17 -   кылымдын экинчи жарымында бир согуштан кийин чөккөндүгүн көрсөтүүдө.

Казуулардын 2025 -  жылга чейин бүткөрүлүшү пландалууда жана бул табылгалардын Осмон империясында деңизчилик тарыхы тууралуу жаңы маалыматтарды берери күтүлүүдө.

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us