ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Тайланд менен Камбоджанын ортосундагы кагылышуу адам өлүмүнө жана жараланууга алып жол ачты
Таиланд менен Камбоджанын ортосунда кеминде алты башка жерде кагылышуу болду. Бул окуялардан кийин Таиланддын аскердик кызматкерлери бардык чек ара бекеттерин жапты.
Тайланд менен Камбоджанын ортосундагы кагылышуу адам өлүмүнө жана жараланууга алып жол ачты
/ Reuters
24 Июль 2025

Таиландда бейшемби күнү эрте менен Камбоджа тарабынан атылган бир ракетанын Сурин аймагында Кап Чоенг районундагы чек араны өнүктүрүү борборун бутага алып, кеминде төрт жай тургун каза болуп, экөө жарадар болду. Бул маалыматты Таиланддын коомдук телеканалы тастыктады.

Си Са Кеттин Кантхалак районундагы май куюучу станцияга тийген снаряд жарылуу жана өрткө себеп болуп, эки жаран каза болду. Ушул эле провинциянын Кантарак районундагы Бан-Фуе шаарында супермаркетке тийген Камбоджа ракеталары эки кишинин каза болушуна, бир нече жарандын жараланышына себеп болду. Бул маалыматты провинциянын губернатору Ваттана Футтичат тастыктады.

Таиланд армиясы Камбоджаны борборго ракета атуу менен айыптады. Армиянын жетекчилери Камбоджа күчтөрү тарабынан атылган эки BM-21 ракетасынын эртең мененки саат 9:40та (GMT 02:40) коомдук борборго тийгенин жарыялашты. Таиланддын аскердик жетекчилери Камбоджа аскерлеринин адегенде оор куралдар менен ок атканын ырасташса, Камбоджанын Коргоо министрлиги аскерлеринин кол салууга учурагандан кийин өздөрүн коргогонун билдирди.

Акыркы кагылышуу бир Таиланд аскеринин минанын жарылышы менен бутунан ажырагандан бир күн өткөндөн кийин болду. Таиланд талаштуу чек арага жайгаштыруу үчүн даярдалган алты F-16 аскердик учактын бирөө Камбоджага ок атып бир аскердик бутаны жок кылганын жарыялады. Бейшемби күнү эртең менен эки өлкө жаңжалды экинчи тарап баштаган деп ырасташты.

Камбоджа бейшемби күнү Таиланд менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жана Бангкоктогу бардык дипломатиялык кызматкерлерин чакыртып алганын жарыялады. «Khmer Times» газетасы тышкы иштер министрине таянып, мындай чечимдин Таиланддын Камбоджадагы элчисин депортациялоосу жана Пномпендеги элчисин чакырып алгандан кийин кабыл алынгандыгын билдирди.

Бул талаш ондогон жылдардан бери уланып келе жатат. 15 жыл мурун да кандуу аскердик кагылышууларга алып келген. Чыңалуу май айында бир Камбоджа аскери кагылышууда каза болгондон кийин кайрадан күчөдү. Бейшемби күнү эртең менен Таиланддын Сурин провинциясы менен Камбоджанын Оддар Меанчей аймагынын чек арасындагы эки храмдын жанында жаңы кагылышуулар болду.

Сүриндин Каб Чоенг районунун жетекчиси Сутхирот Чароентханасак Reuters агенттигине берген маегинде: "Артиллериялык снаряд элдин үйлөрүнө түштү", - деп Камбоджа тараптан атылган окту сүрөттөдү. Райондук жетекчилер чек арага жакын жайгашкан 86 айылдан 40 000 жарандын коопсуз аймактарга эвакуацияланганын билдиришти.

Камбоджанын Коргоо министерстрлигинин катчысы Мали Сочеата билдирүүсүндө: «Таиланд армиясы Камбоджа королдугунун территориялык бутундугун бузуп, өлкөнүн эгемендүү территориясын коргогон Камбоджа күчтөрүнө уралдуу чабуул жасады». Таиланд армиясы Камбоджанын аскерлерин ок атуу менен айыптап, андан киийн жарандарга карата "максаттуу чабуул жасагандыгын" айтты.

Андан кийин, алты куралчан камбоджалык аскер, алардын бири ракеталык гранатомет менен куралданган, тайланддык посттун алдындагы тикенек зым тосмого жакындашты. Тайланддык аскерлер эскертүү иретинде кыйкырышты, бирок болжол менен эртең мененки саат 08:20да камбоджалык күчтөр тайланддык базадан болжол менен 200 метр алыстыкта жайгашкан ибадаткананын чыгыш тарабына ок атышты.

Таиланддын убактылуу премьер-министри Пхумтам Вечаячай кырдаалга байланыштуу: "Кырдаал кылдаттык менен каралышы керек жана биз эл аралык мыйзамдарга ылайык иш кылышыбыз керек. Биз эгемендүүлүгүбүздү коргоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз",- деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us