Катар ишемби күнү Дохада Хамастын өкүлдөрүнө жасалган Израилдин чабуулун айыптоо жана Перс булуңундагы өлкө менен тилектештикти көрсөтүү максатында араб жана мусулман лидерлеринин катышуусунда саммит өткөрөрүн жарыялады.
Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид ал-Ансари дүйшөмбү күнкү жолугушууда жекшемби күнкү министрлер жыйынында даярдала турган “Израилдин Катар мамлекетине кол салуусу боюнча чечим долбоору” талкууланарын билдирди.
Саммиттин Израилдин Катар мамлекетине жасаган коркоктук чабуулуна каршы араб жана ислам тилектештигин кеңири масштабда көрсөтүп, Израилдин мамлекеттик терроризмине каршы чечкиндүү түрдө каршылык билдирери айтылды. Бул тууралуу расмий QNA маалымат агенттиги билдирди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен саммитке катыша турган лидерлердин арасында Ирандын президенти Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана Ирактын премьер-министри Мухаммед Шия ас-Судани да бар.
‘Эгемендиктин бузулушу’
Израиль шейшемби күнү Катардын борбору Дохадагы бир имаратка сокку уруп, ХАМАСтын беш мүчөсүн жана бир катарлык коопсуздук кызматкерин өлтүргөн.
Бул чабуул эл аралык деңгээлде, анын ичинде АКШнын негизги өнөктөшү болгон Перс булуңундагы мамлекеттер тарабынан да катуу айыпталууда.
Катар АКШ жана Египет менен биргеликте Газа согушунда ортомчулук роль ойнойт.
Аналитиктердин айтымында, бул саммит Израилге так жана катуу белги жөнөтүү максатын көздөйт.