ДҮЙНӨ
4 мүнөт окуу
Хаманей Ирандын «эч качан багынбай тургандыгын» айтып АКШны эскертти
Ирандын диний лидери Али Хаманей : «Америка кандайдыр бир аскердик кийлигишүүнүн орду толгус зыян алып келерин билиши керек»,- деди.
Хаманей Ирандын «эч качан багынбай тургандыгын» айтып АКШны эскертти
/ AFP
11 саат мурун

Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей  АКШнын президенти Дональд Трамп айткандай багынбай тургандарын белгилеп, АКШны союздашы болгон Израилге колдоо бере турган болсо «орду толгус зыянга» алып келери боюнча эскертти.

Хаманей бул билдирүүнү кагалышуулардын алтынчы күнүндө жасады. Трамп Ирандын «шартсыз багынуусун» талап кылып, АКШнын Хаманейди өлтүрүшү мүмүкн экендигин айтып ыктымалдуу кийлигишүү тууралуу божомолдордун күчөшүнө жол ачты.

Эки өлкөнүн ортосундагы узун аралыктуу чабуулдар Израилдин жума күнү ишке ашырган абадан бомбалоолору менен башталды.

Иран буга ракета жана дрондор менен жооп кайтарды. Хаманей мамлекеттик телекөрсөтүүдө сүйлөгөн сөзүндө: «Бул улут эч качан багынбайт»,- деди жана Трамптын ультиматумун «кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү.

Хаманей : «Америка кандайдыр бир аскердик кийлигишүүнүн орду толгус зыян алып келерин билиши керек»,- деп кошумчалады.

1989 -  жылдан бери бийликте турган жана Ирандагы бардык мамлекеттик иштерде акыркы чечимди чыгарган Хаманей буга чейин өлкөнүн Израилдин лидерлерине карата «ырайым көрсөтпөй тургандыгына» убада берген.

Хаманей бул сөзү  Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктин билдирүүсүнө ылайык, Тегеранга жакын жайгашкан жана Ирандын өзөктүк программасы үчүн центрифуга компоненттерин чыгарган эки имаратка Израилдин түнкүсүн жасаган чабуулдарынан кийин айтылды.

Израиль армиясы Израиль аба күчтөрүнө таандык 50дөн ашуун аскердик учактын Тегеран аймагында бир нече абадан кол салуу жасагандыгын жана бир канча курал өндүрүүчү жайлардын жок кылынгандыгын билдирди.

Армия өзгөчө : «Ирандын атомдук куралдарды чыгаруу программасын бузуу аракеттеринин бир бөлүгү катары Тегерандагы бир центрифугаларды чыгаруучу жай бутага алынды»,- деди.

Центрифугалар реакторлор үчүн отун же жогорку деңгээлде байытылган формада ядролук дүрмөттүн өзөгүн өндүрө алган так уранды байытуу процесси үчүн абдан маанилүү.

Эл аралык Атом Энергиясы Агенттиги кол салууларда Тегеранга жакын мегаполис болгон Каражда Ирандын өзөктүк программасы үчүн центрифуга компоненттерин чыгарган эки имараттын жок кылынгандыгын билдирди.

Тегерандагы дагы бир объектиге жасалган чабуулда "алдыңкы центрифуга роторлору өндүрүлгөн жана сыналган имаратка сокку урулду", - деп кошумчаланды.

Ирандын Төңкөрүш Гвардиясы корпусу Тель-Авивге гиперүндүү Фаттах-1 ракеталарын учурганын билдирди. Үн ылдамдыгынан беш эсе көп ылдамдыкта учкан гиперүндүү ракеталар учуу учурунда маневр жасай алат, ошондуктан аларды байкоо жана кармоо кыйын.

Түнү менен Тель  - Авивге эч бир ракета келип түшкөн жок. Бирок АФП жарыялаган сүрөттөр Израилдин абадан коргонуу системаларынын шаардагы соода борборунун үстүндө ракеталарга бөгөт болуу үчүн активдештирилгендигин көрсөткөн.

Иран өзгөчө Израилге «көп сандаган дрон»жиберди бирок Израиль армиясы Ирандан учурулган жалпы  10 дронго тоскоол болгонун айтты.

«Шартсыз багынуу»

Трамп Канададагы Г7 саммитинен шашылыш чыгып АКШнын кризиске ыктымалдуу кийлигишүүсү тууралуу божомолдорду арттырды. Саммитте бай демократиялар клубунун лидерлери чыңалууну азайтууга чакырып, Израилдин «өзүн коргоо укугун» колдоду.

Трамп АКШнын Хаманейди оңой эле өлтүрө аларын айтты. Трамп Truth Social платформасынан : «Диний лидердин кайда жашырынгандыгын билебиз. Ал оңой бута бирок ал жерде коопсуз – азырынча аны өлтүрбөйбүз»,- деди.

Трамп Улуттук Коопсуздук Кеңеши менен кагылышууларды сүйлөшүү үчүн жолугушту. Бир саат  жыйырма минутага созулган жыйындан кийин дароо маалымат берилген жок. АКШ жетекчилери Трамптын эч кандай кийлигишүү чечимин чыгарбагандыгын баса белгилешти.

 Эвакуациялар

Израилдин чабуулдарында Иран жалпы атомдук жана аскердик объектилерге, отурукташуу пункттарына сокку урулду. Израилдеги отурукташуу пункттары да бутага алынган чабуулда чет элдик өкмөттөр эки өлкөдөн жарандарын эвакуациялоо үчүн аракетке өттү.

Көптөгөн израилдик абадан жасала турган чабуулдар тууралуу эскертүүлөрдөн улам дагы бир түн  баш калкалоочу жерлерге барууга аргасыз болду. Батыш Шерианын Рамаллах шаарындагы айрым тургундар Тель Авивге карай учкан ракеталарды көрүү үчүн  үйлөрдүн чатырында же балкондордо чогулушту. АФПнин бир кабарчысы Израилдин абадан коргонуу системаларынын ракеталарга тоскоол болуу үчүн активдештирилиши менен асманды жаркыраткан жарылуулар учурунда колдоо жана ышкырыктардын угулгандыгын билдирди.

Нетаньяхунун кеңсесинин маалыматы боюнча, жума күндөн бери Израилде кеминде 24 адам каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алды.  Иран Израилдин жекшемби күнкү чабуулунан кеминде 224 киши, анын ичинде аскердик командирлер, ядролук илимпоздордун жана жарандардын каза болгонун билдирди. Ал күндөн бери каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок.

 Шейшемби күнү Тегеранда адамдар күйүүчү май жана керектүү товарларды камдоо үчүн нан бышыруучу жайларда жана май куюучу жайларда кезекке турушту. Ирандын ISNA жана Tasnim маалымат агенттиктери шаршемби күнү Израилдин Моссад чалгын агенттигинин беш шектүү агенти интернетте өлкөнүн беделине шек келтирди деген айып менен кармалганын маалымдашты.

 Ядролук объектилер

 Израиль көптөн бери уланып келе жаткан "тымызын согуштан" кийин күтүлбөгөн аба чабуулдарынын Ирандын ядролук курал алуусуна тоскоол болууну максат кылгандыгын айтты. Бирок Тегеран мындай максатынын жок экендигин белгилеп жатат.

 Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Израилдин чабуулдарынын Ирандын Натанзда жер астындагы байытуу объектилерине “түздөн - түз таасиринин болгонун" билдирди.

 Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) Израилдин 90 ядролук дүрмөтү бар экенин билдирди.

Кагылышуулар Тегеран менен Вашингтондун ортосунда уланып жаткан ядролук сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратты. Иран Израилдин бомбалоосу астында  АКШ менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

 

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us